21:00
10.5.2014
- автор Султан Каназаров
Бурятиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Орусияда каза болгон мигранттын сөөгүн мекенине акысыз жеткирүү жана четтеги кыргызстандыктарга шайлоого катышуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүү сунушун киргизди.
Ал Жогорку Кеңеш депутаттары: Абдыманап Кутушев менен Улугбек Кочкоров Орусияда өлгөн мигранттарды Кыргызстанга акысыз жеткирүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууга сөз берип, бирок аны аткарбаганын сынга алды.
Диаспора өкүлү орус бийлигине ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, Орусия федералдык миграция өкүлчүлүгү Бурятияда кыргыз мигранттарынын балдарын окутууга кечки мектеп ачып, мугалимдерге 25 миң рубль айлык төлөп, майрам сайын мектепке 100 миң рублдан берип турат.

21:03
10.5.2014
- автор Султан Каназаров
Татарстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлү миграция маселесин диаспораларга жүктөп койгону үчүн кыргыз өкмөтүн сынга алды.
“Эмгек мигранттарынын укугун коргоо, аларга шарт түзүү - бул мамлекеттин милдети”,- деди ал.
“Эмгек мигранттарынын укугун коргоо, аларга шарт түзүү - бул мамлекеттин милдети”,- деди ал.
15:14
11.5.2014
- автор Султан Каназаров
Москвада сырттагы кыргызстандыктардын III форуму уланууда. Бүгүн курултайдын экинчи - жыйынтыктоочу күнү. Бүгүн ага чакырылган расмий өкүлдөр катышкан жок, кечээ Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов, миграция министри Алиясбек Алымкулов катышып жаткан. Курултайдын экинчи күнү ар башка мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктардын миграция көйгөйлөрүн чечүү жолдорун талкуулоого арналган. Күндүн экинчи бөлүгүндө делегаттар 5 секцияга бөлүнүп, иш-чара учурунда айтылган сунуш пикирлерди кагазга түшүрүп, финалдык резолюция жазып башташат.
15:19
11.5.2014
- автор Султан Каназаров
Курултайдын жүрүшүндө анын натыйжалуугу да сынга алынды. Маселен, Түркиядан келген диаспора өкүлдөрү буга чейинки эки жыйында кабыл алынган резолюцияларда камтылган маселелердин аткарылышы көзөмөлдөнбөй калганын айтышты.