"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлери Ирактын Мосул шаарындагы көөнө архитектуралык эстеликтерди талкалап жок кылууда. Чех археологдору спутниктен тартылган сүрөттөрдү талдап көрүшүп, тарыхый жайлар кандай зыян тартканын аныкташкан.
Мосулда талкаланган кенч
1
Юнус (Иона) пайгамбардын урматына курулган мечит. Осмон империясынын тушунда тургузулган. Мосул, 2013-жылы тартылган.
2
Юнус пайгамбардын мечитинин мурунку жана кыйрагандан кийинки көрүнүшү. Спутниктен тартылган сүрөттөр: солдо - 2013 - жыл, ноябрь; оңдо - 2014 - жыл, август.
3
Юнус пайгамбардын мечити турган жер. Согушкерлер мечитти бомба коюп жардырышкан. 2014-жыл, июль
4
Мосулда XIII кылымда курулган имам Яхийанын мечити. Солдо: 2013-жыл, күз. Оңдо: 2014-жыл, август.
5
2014-жылы 23-июлда "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери XIII кылымда салынган имам Яхийанын мавзолейин талкалашкан. Солдо: мавзолейдин 1908-1909-жылы оңдолгонго чейинки көрүнүшү.
6
Имам Аун-ад-Диндин мавзолейи. Мосул. 1908 жана 2013-жылы тартылган сүрөттөр.
7
Мосулдагы мазар. Кожо Даниялдын мавзолейи. 2014-жылы июлда талкаланган.
8
Нур-ад-Диндин атындагы чоң мечитинин мунарасы талкалангандан кийин. 2011-жылы тартылган сүрөт.