Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:21

Өзбек адабиятчылары Мухаммед Салихке болушту


Мухаммад Салих жубайы Айдын жана неберелери менен. Үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөт.

Өзбекстандагы белгилүү акын-жазуучулар Мухаммад Салихти мекенине кайтарууга жардам берүүнү өтүнүп, өлкөнүн президентине кайрылышты. Акын, саясатчы Мухаммад Салих 1993-жылы Өзбекстандан чыгып кеткен. Ал Каримовдун негизги саясий оппоненти болуп эсептелчү.

Мухаммад Салих - Өзбекстан Жазуучулар бирикмесинин мурдагы биринчи катчысы, экс-депутат, “Эрк” демократиялык партиясынын лидери. 1991-жылкы президенттик шайлоодо Ислам Каримовдун жалгыз атаандашы болгон. Жыйынтыгында 33% добуш алганы адегенде мамлекеттик радиодон айтылган, бирок расмий түрдө 12,7% добуш алганы жарыяланган. Кийинки бир топ шайлоолордо маркум президент Каримовдун бир да атаандашы мынчалык жыйынтык көрсөтө алган эмес. Салих ошондон бери Каримовдун башкы саясий атаандашы катары эсептелип жүргөн.

1993-жылы “чыккынчылык кылды” деген айып менен кармалып, эл аралык коомчулуктун басымы менен бошотулган. Ошондон кийин өлкөсүнөн чыгып кетип, азыркыга чейин Түркияда жашайт.

1999-жылы "Ташкенттеги жардырууларды уюштурган" деген айып менен да сыртынан узак жылга түрмөгө кесилген. Бир нече жолу өмүрүнө кол салуу болгонун билдирип жүрөт. Өзбекстанда иниси, журналист Мухаммад Бекжан да саясий негизде камакка алынган. 18 жылдык өмүрүн абакта өткөрүп, Мирзиёев бийликке келгенден кийин боштондукка чыккан.

Мухаммад Салихтин көптөгөн чыгармалары орус, англис, түрк жана башка тилдерге которулган. Чет өлкөлүк башка акындардын ырларын Салих өзбекчеге которгон.

Ырайым күткөн кайрылуу

Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандагы адабий чөйрө анын чыгармачылыгына өзгөчө басым жасап жаткан чагы. 9-февралда Интернеттеги "Facebook" социалдык сайтына жарыяланган катта:

“Сиздин кезектеги тарыхый маанилүү чечимиңиз 25 жылдан бери мекенинен алыс жашаган акын Мухаммад Салихке байланыштуу болушун абдан каалайт элек. Мурунку түзүмдүн учурунда жүргүзүлгөн туура эмес үгүттөн улам коомчулукта Мухаммад Салихке карата коркунуч пайда болгон. Бирок чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү аны баары бир улуу акын катары эстешет. Мухаммад Салих адегенде акын, анан саясатчы” деп жазылган. Кайрылууга белгилүү адабият ишмерлери жана башкалар, жалпысынан 300дөн ашуун адамдын колу коюлган.

Авторлору кайрылуунун электрондук варианты 23-январда президенттин виртуалдуу кабылдамасына жөнөтүлгөнүн, дарегине жеткени тууралуу расмий жооп алынганын билдиришти.

Мухаммад Салихти Өзбекстанга кайтаруу эмне үчүн маанилүү?

Ушул суроо менен “Азаттыктын” өзбек кызматы катка кол койгондордун айрымдарына кайрылды. Жашы жүзгө чамалаган, бир кезде өзү да сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон жазуучу Шукурулло мындай деди:

- Мухаммад Салих эч бир алкакка салынбаган, бир калыпта турмуш кечирүүнү каалабаган адам болчу. Мен аны жаңычылдыкка умтулган, өзүнчө жол күткөн, оригиналдуу акын катары тааныгам. Ал элдин тагдырына кайдыгер болгон эмес. Мамлекет менен кандай маселе болгонун билбейм. Аны күнөөкөр кылып болбойт, эч бир күнөөсү жок. Кайтып келгенинин эмнеси жаман?

Ал эми Өзбекстан Жазуучулар бирикмесинин мурдагы төрагасы, Эл акыны Жамол Камол президенттен оң жооп болоруна ишенет:

- Мен Мухаммад Салихтин кайтып келишин абдан каалайм. Эмне үчүн? Ал өлкөсүнө, элине дос инсан. Биздин мамлекетке, элибизге анын эч коркунучу жок. Ислам Каримовго, анын өкмөтүнө балким коркунуч жаратышы мүмкүн эле. Бирок Шавкат Мирзиёевдин өкмөтүнө пайдасы гана тиет. Эгер бийлик Мухаммад Салихтин Өзбекстанга кайтышына уруксат берсе эл аралык коомчулукта өлкөнүн кадыр-баркы куп гана көтөрүлөт.

Адабият таануучу, профессор Казакбай Юлдаш да кайрылууга кол койгон себебин чечмеледи:

- Ал жашы жетимишке чукулдап калган киши. Бардык нерсеге салкын көз менен караган, карапайым адам катары кайтып келсе, эмнеси жаман? Бир адилет чечим чыгып калабы деген ойдо турабыз. Эгер мунун юридикалык жагы, башкалары туура келсе эмнеге кайтпашы керек? "Жашы бир топко барып калган адам бир кезде башкача ойлонгону үчүн эмнеге алигиче сарсанаа тартып жүрүшү керек?” деген ой, жакшы ниет менен ошол катты жазгандардын пикирине кошулдум.

Адабиятчылардын өтүнүчү аткарылабы?

Бирок жагдай азыр да адабиятчылар ойлогондой жеңил эмес. Анын үстүнө Салих өзүн алар ойлогондой алдан-күчтөн тайган, баштапкы максатынан кайткан адам катары эсептебейт. Ушундан улам мекенине кайтууга тоскоолдук жараткандар бар деген ойдо:

- Улуттук коопсуздук кызматы Мухаммад Салихтин мекенине кайтып келишинен аябай коркуп атат. Анткени "биз кайтып бара турган болсок, узак жылдар бою элге каршы кылмыш кылгандар абакка отургузулат" деп дайыма ачык айтып келем. Биз бул үчүн күрөшөбүз. "Сөзсүз люстрация аракети башталат" деп айткам. Ошон үчүн да Мухаммад Салихтин кайтып келбеши үчүн алар бир тоскоол кылышы керек, – деген эле “Азаттык” менен октябрда болгон маегинде.

Мирзиёев президенттик бийликти жаңы колго алып, жаңы демилгелер менен чыга баштаганын Салих колдоп, 2017-жылдын мартында атайын билдирүү жасаган. Ушул эле жылы августта ал президенттин виртуалдуу кабылдамасына кайрылып, өзүн саясий жана укуктук жактан актоону өтүнгөн.

Андан көп өтпөй эле атайын кызмат журналист Бобомурад Абдуллаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында Салихти да “конституциялык түзүлүшкө шек келтирди” деп айыптап чыккан. Муну Салих башкы чекист Рустам Иноятов уюштурган кутум деп баалаган. Жогоруда ушул ишти айтып жатат.

Улуттук коопсуздук кызматынын көптөн берки төрагасы, Өзбекстандагы бирден бир таасирдүү адам катары эсептелген Рустам Иноятов болсо быйыл январдын аягында кызматынан алынганы белгилүү.

Азырынча президент Мирзиёевдин администрациясы кайрылууга бир жаңсыл жооп бере элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG