Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Пианист Азамат Сыдыков акысыз онлайн сабактарды өтөт


Пианист Азамат Сыдыков.
Пианист Азамат Сыдыков.

Нью-Йоркто жашаган белгилүү кыргызстандык музыкант, Кыргыз-Америка фондунун негиздөөчүсү Азамат Сыдыков фортепиано боюнча онлайн мастер-класстарды, арт-ишкерлик боюнча семинарларды өткөрөт. Ага Кыргызстандагы 14 жаштан 25 жашка чейинки пианисттер катыша алышат.

Муну менен Сыдыков коронавируска байланыштуу карантинде отурган пианисттердин билимин өркүндөтүүгө өз салымын кошкусу келет.

Сабактар 1-апрелден 1-майга чейин Zoom тиркемеси аркылуу видеоконфереция уюштуруу менен өткөрүлөт.

Толук маалыматты аталган фонддун сайтынан тапса болот.

Азамат Сыдыков - Нью-Йорктогу Карнеги Холл залында өз концертин уюштурган кыргызстандык алгачкы музыкант. Орусияда жана АКШда билим алган. 2017-жылы Кыргыз-Америка фондун түптөгөн. Ал ошондой эле Уилмингтонду музыкалык фестивалды да уюштуруп, жетектеп келатат.

XS
SM
MD
LG