Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

ММКга эл эмнеге ишенбейт?


Кыргызстандагы бир жылдык медиа тенденцияны иликтеген көз карандысыз M-Vector иликтөө борбору жылдык баяндамасын жарыялады.

M-Vector баяндамасында кыргызстандыктардын көпчүлүгү маалыматты телеканалдардан алаары айтылат. Ага ылайык, өлкөдөгү калк эң көп көргөн телеканалдар катары Коомдук телерадиокорпорация менен Орусиянын Биринчи каналы тандалып, булардын катарын ЭлТР, НТС толуктаган. Теледен соңку эң көп колдонулган каражат катары радио саналып, 2011-жылга караганда үналгыны башкы маалымат булагы деп эсептегендердин саны арткан.

Борбордун директору Роман Погожевдин айтымында, быйыл жылда ММКлар арасында интернеттин таасири күчөгөнү байкалган:

- Медиа айдыңындагы жаңы тенденциялардан кеп козгогондо интернеттин маалымат берүүдөгү таасири күчөгөнүн айтууга болот. Биздин изилдөөнүн жыйынтыгына караганда, өлкө боюнча интернет колдонгондор 30 пайызга жетип калды. Ал эми радио менен телекөрсөтүү жаатында көрөрмандардын тандоосу бир калыпта болбой, биринен экинчисине өткөн өзгөрүүлөр болуп жатканын көрө алдык. Маселен, көңүл ачуучу радиолор арасынан быйыл эле иштеп баштаган “Ретро FM” радиосу былтыр эң көп угарманы бар делген “Кыргызстан обондору”, “Европа+” сыяктуу радиолордун угармандарын өзүнө тартып, реклама алуу жаатында атаандаш боло баштады.

Погожевдин айтымында, маалыматка ишенүү жагынан угармандар “Азаттыкка” артыкчылык беришкен.

Ал эми гезиттер арасынан өлкө боюнча “Супер Инфо”, Бишкек шаарында “Вечерний Бишкек” гезиттери окурмандарынын саны жагынан алдыңкы орундарды ээлесе, акыркы кезде арышы артты делген маалымат агенттиктери арасынан “Аки пресс” менен “24.кг” алдыга чыккан.

Ошол эле кезде Роман Погожев өлкөдө маалымат каражаттары кулачы жайылып, саны арткан менен аларга болгон ишеним төмөн экенин билдирүүдө. Маселен, көрөрмандарынын 30 пайыздан ашууну бир да телеканалга ишенбээрин билдирсе, бул сан радио менен гезиттерде мындан да төмөн чыккан.

Калк арасында маалымат каражаттарына ишеним төмөн болушун иликтөөгө атайын эксперт катары чакырылган британиялык медиа адис Грим Мориленд мындайча түшүндүрүүдө:

- Менин пикиримде, калктын калың катмарынын жаңылыктарга ишенбешин шарттап жаткан нерсе - бардык ММКлардагы жаңылыктар бири-биринен өзгөчөлөнбөй, бир маалыматты биринен сала экинчиси опокшош таризде берип жатканында. Маселен, медиа тармагы өнүккөн өлкөлөрдө ар бир маалымат каражаты жаңылыктардын өзгөчө өңүтүн таап, көрүүчүгө сунуштайт. Кыргызстанда мына ушул нерсе жок болгондуктан бардык маалымат каражаттары тең эле бирдей сезилип, бирине ишенбесе баарын ишеним жоктой туюлат. Ошондуктан ишенимге ээ болуу үчүн ар бир гезит же радио өзүнүн аудиториясын таап, өзүнө гана таандык ыкма менен бериши керек.

Ал эми “M-Vectorдун” иликтөөсүнүн жыйынтыгы өлкөдөгү чыныгы абалга дал келээрин белгилеген жергиликтүү медиа эксперт Илим Карыпбеков ММКларга ишенимдин аз болушунун себебин башкадан көрөт. Карыпбековдун айтымында, мындай жагдайдын жаралышына соңку жылдардагы маалымат каражаттарынын бийликтин айдактоосуна көнүп, бейтараптыктан тайганы негиз түзгөн:

- Чынында ММКлар ар тараптуу, бейтарап болууга аракет кылып жатса да буга эл ишенбейт. Себеби буга чейин алар Кытайдын сапатсыз товарындай, аталышы көп нерсени убада кылганы менен мазмунунда эч нерсе жок, ушакка негизделген же кимдир-бирөөнүн эле көрсөтмөсү менен кабарларды берип, элдин ишенимин жоготуп алышкан. Эл да мындай стереотиптерге берилип, “булар калпты жазат” деген пикирде болуп калышкан. Мындан улам аудиториянын ишенимине ээ болушу абдан эле кыйын болот, көп убакытты да талап кылат.

M-Vectorдун изилдөөсү ушул жылдын июнь айында жүргүзүлгөн. Бул сурамжылоого өлкөнүн бардык аймактарынан 14 жаштан жогорку 2000 адам катышкан.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG