Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Менин блогум: Ак калпак


Абдыкерим Муратов, "Заман-Кыргызстан" гезитинин редакторунун орун басары, "Азаттыктын" Бишкектеги студиясында. 2010-жылдын 25-ноябры.
Абдыкерим Муратов, "Заман-Кыргызстан" гезитинин редакторунун орун басары, "Азаттыктын" Бишкектеги студиясында. 2010-жылдын 25-ноябры.

Белгилүү кыргыз публицисти жана журналист, агартуучу Абдыкерим Муратов ак калпак тууралуу блогун кыргыз коомчулугунун бир катар өкүлдөрү өткөрүү демилгесин көтөргөн 5-марттагы окуяга - "Ак калпак күнүнө" утурлай сунуш кылат.

5-мартты ак калпак кийүү майрамы кылуу ою менен кинотартуучу Рысбек Жабиров жана куудул Борончу Кудайбергенов сыналгыдан сыр төгүп атканда, ырасы уялдым, жоголуп бара жаткан буюмду бир аз болсо да сактап туруунун амалы кылып аткан экенбиз деп.

Эки жыл мурун Ош шаарынын жаштары да ак калпак кийип жүрүү демилгеси менен чыккан. Булар эмне: ак калпактын кадыр-кунунун кетип жаткандыгына кейүүнүн белгисиби, же жанталашуунун амалыбы, болбосо, аккалпакчыларды дагы да көбөйтөлү деген аруу ниетпи?

Ак калпак дегенде менин көз алдыма көп нерселер келет. Мисалы, биз бала чакта, өткөн кылымдын 60-жылдарында ноокаттык чыткурсактар ала топу кийчүбүз, анан анча-мынча активдердин балдары чаарала айбандуу кепка кие баштады, айрым аксакалдар аларды динден чыккандай акшыя караса, шапкелерин ала койчу.

Ырас, кыргыз калпак да кийилчүү, бирок аз, мойсопут адамдарда, анан карыяларда гана боло турган, ашка-тойго барганга деп жүктүн астына катышчу.

Кийинирээк Совет районуна Кадыракун Базарбаев райком болуп барды, ошол киши жалпы эркектерге калпак кийгизе баштады деп уктук, анан ошол кара-кулжалыктардан калпакчы чеберлер, түрлөп калпак, элечек жасаган уздар чыгып, жалпы Түштүк тарапка ак калпак жайылып кетти.

Бир жолу улут аралык уруш башталган кезде базардан нанбы, унбу таппай атам ак калпагын кайкалата кийип, өзү да шыңга бой неме махалаларга аралап кирип барат, үрөйү учкан келиндер “тога, бошиңизни олиңиз” деп чочулашып, кыйкырып калышыптыр.

Анан дагы кайсыл бир жылы кыргыз журналисттери Түркиянын Ыстамбул шаарында чоң жыйынга туш келип калдык.

Он эки миллион калкы бар шаар мэри, Межилис башканы (парламент спикери), ондогон депутаттар, министрлер, отуздан ашык мамлекеттен делегация катышып жаткан бул жыйында, тагыраагы, орозодогу ооз ачарда, биз – ошол кездеги “Эркин-Тоо” газетасынын жана “Замандаш” журналынын баш редакторлору Нурлан Шакиев экөөбүз улуттук ак калпак кийип барган экенбиз, баары эле биздин башыбызга таң кала да, суктана да тигилишет.

Атүгүл Түркия депутаттарынын жетекчиси, зоболосу зор инсан Булент Арынч, Орусиянын мусулмандарынын муфтийи Р.Гайнутдин биз менен жакын келип, сүрөткө бирге түшүп, баарлашып кетти.

Дагы бир жолу ошол эле Түркиянын Анталия шаарындагы “Рихос” отелинде эл аралык чоң жыйын өтүп жатты.

Биз, кыргыз журналисттери, Темирбек Токтогазиев, Жолдошбек Бусурманкулов – үчөөбүз “тегерек үстөлдө” ак калпагыбызды баштан албай отурган элек.

Бир убакта эртеси өзүнчө келген Кыргызстанда иштеген Түркия атуулдарынын бири Орхан Инанды мырза бизди таң кала карап калган, кийин айтып атпайбы, ак калпак кийген кыргыз боордошторум мага ушунчалык башкача көрүндү деп.

Кечинде жана эртеси ошол жыйындарды чагылдырган массалык-маалымат каражаттары – телевидение бизди көрсөтүп, газеталар биринчи бетине ак калпак кийген биздин сүрөттөрдү басты.

Жогорудагы өзүм көрүп-билген мисалдар кыргыз калпагынын керемет күчүн, адамдарды өзүнө караткан сыйкырын далилдөөчү фактылар...

Дал ушул кыргыз калпагы Анатолий Карпов шахмат боюнча дүйнө чемпиону болгон минуталарда анын башына кийгизилген, дал ушул кыргыз калпагы Эверестти багындырган альпинисттерге тоо чокусунда тартууланган.

Бул сүрөттөр кезинде СССРдин эң башкы түстүү журналы болгон “Огонёк” басылмасын кооздогон.

1860-жылы Узун-Агачтагы Кокон менен орус урушунда Канат-Шаа Кудаярканга Шабдан баатырды алып барып мактаган экен, ошондо кыргыздыгымды билдирейин деп хан алдына Шабдан тебетей менен кириптир, хандын кокондук кошомачылары Кудаяркандын тагасында селде кылып оронууга бир чарчы жоолук табылбады бекен деп күбүр-шыбыр кылат, бирок хан назары тебетейчен жигитке бурулуп, ыраазы болуп, сага Олуя-Ата шаарын бердим деген экен.

Кыргыз калпагы... Дүйнөнүн кайсыл жеринде гана учурабайт да, аны кимдерге гана кийгизбедик?..

Бирок ушул тапта ак калпагыбызды али да барктай албай келебиз: биринчиден, аны көрүнгөн жерде көрүнгөн кишиге тартуулай берип баркын түшүрдүк; экинчиден, калпак ашка-тойго, жамандык-жакшылыкка сүйрөлө берип, дежур буюмга айланды; үчүнчүдөн, ак калпактын товар катары сапатын бузуп, анын кийизин начарлатып, эптеп эле колдон чыгарып, барксыздандырдык.

Эң негизгиси массалык эл топтолгон жерлерде, салтанат тойлордо, жаштардын үйлөнүү үлпөттөрүндө ак калпак кийүү салтын унуттук, шаар жерлеринде калпак кийип жүргөндөр дээрлик калбай баратат...

Мына азыр үйлөнүү тойлоруна, ЗАГСка барган кыз-жигитти көп эле көрүп жүрөбүз. Бүт кийимдери европалашкан.

Кыздардын бир жолу кийүү үчүн той көйнөктөрүнүн арендасы 100 доллардан 500 долларга чейин.

Эмне үчүн ушул кыздар жана жигиттер улуттук кийимдерди кийинип “Бакыт үйлөрүнө” барбайт? Жарашпайбы? Эң сонун жарашат, жөн гана өзүбүздүн улуттук жүзүбүздү унуткандык, өз маданиятыбызды жээригендик.

Кудайга шүгүр, азыр улуттук кийимдерди жакшы тиккен чеберлер, улуттук кийимдерди европалык стиль менен айкалыштыра алган дизайнерлер пайда болду, бирок дал ошол кийимдер Нооруз сыяктуу майрамдарда же мектеп сахналарында гана кийилип, калган убакта колдонулбай чаң басып жатат.

Эркектердин чепкендери, калпактары, аялдардын белдемчи, шөкүлөлөрү, элечектери базарларда сатылып, бул же тигил кишинин тоюнда, мааракесинде кийгизилип жаткан менен аларды эч ким көчөгө, же коомдук жайларга кийип чыкпайт, демек, алар урунулбаган бойдон өлүү буюмга айланат.

Ушул тапта алар ар бир үйдө ондоп чирип жатат...

Кимге кандай билбейм, бирок мен үчүн ата-бабалар мурас катары калтырган ак калпак дүйнөдөгү башка улуттардын кийимдерине караганда эң эле кооз да, жарашыктуу да көрүнөт.

А биз болсо аны кийүүдөн бара-бара алыстап баратабыз...

Абдыкерим Муратов,
белгилүү публицист,
“Азаттыктын” окурманы.
XS
SM
MD
LG