Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:12

Менин блогум: Жоголгон муун...


Абдыкерим Муратов, "Заман-Кыргызстан" гезитинин баш редакторунун орун басары, "Азаттыктын" Бишеке студиясында конокто. 2010-жылдын жетинин айынын (ноябрдын) 25и.
Абдыкерим Муратов, "Заман-Кыргызстан" гезитинин баш редакторунун орун басары, "Азаттыктын" Бишеке студиясында конокто. 2010-жылдын жетинин айынын (ноябрдын) 25и.

Кыргыздын белгилүү публицисти, журналисти жана калемгери Абдыкерим Муратов сунуштаган блог чет өлкөлөрдө байырлаган кыргыз балдардын учурдагы таалим-тарбиясынын олуттуу көйгөйлөрүнө арналат.

Голландиялык түрк диаспорасынын өкүлү Мурат Көйлу бир жолу Нарында жүрүп бир нерсени айтты эле. "Биздин Түркиядан Голландияга барганыбызга кырк жылдай болду, ошондон бери үч муун алмашты, азыркы төртүнчү муундагы жаш балдар өздөрүнүн түрктүк белгилерин улам азайтып баратат" деди.

Демек, алар үчүн европалык маданиятка сиңип бараткан келечегин кантип болсо да артка – түрктүк маданиятка буруу чоң проблема.

Тээ Европа, АКШ, Жапония бизге неге кызыгат? Биздин байыртадан бери келе жаткан салттарыбыздын, ырасымдарыбыздын, үрп-адаттарыбыздын сакталып калгандыгына суктанышат. Ооба, кадимкидей суктанышат...

А биз дайым эле андай эмес да дейбиз. Мисалы, азыр айрым эсептер боюнча Орусияда үч жүз-төрт жүз миңдин тегерегинде жарандарыбыз жүрөт экен. Булардын көбү барды-келди иштегендер болгон менен ал жакта биротоло байырлап калгандар да аз эмес.

Анан ошол жакта төрөлгөн, окуп жаткан кыргыз балдар бар. Айрымдары бала бакчаларга барат дегендей.

Демек, кыргыз улутунун из издеп кеткендерден жаралган чет жердеги өзүнчө бир мууну өсүп келатат. Алар Кыргызстансыз, кыргыздарсыз, кыргыз чөйрөсүз өмүр кечирүүдө.

Эртең ушул балдар канчалык деңгээлде кечээги, андан баштагы, же бүгүнкү эле кыргыздык, кылымдардан бери келе жаткан ырасым, салтты, менталитетти, тилди, деги эле улутту улут кылып турган эн белгилерди сактап калат деген ой бизди да түйшөлтпөй койбойт.

Алардын кыргыздыгын сактап туруу бул балким жөн эле жел тегирменге каршы күрөшкөн дон кихотчулуктур, же мезгил агымына тескери сүзүүдүр.

Жок, андай болбош керек. Кыргыздык белги сакталууга тийиш.

Тээ союз учурунда Орусияда окуп, анан ошол жакта иштеп калып, европалык аялдарга үйлөнүп, балдары таза кыргыз болбой калган насили кыргыз жигиттер кийин-соңу бул жактан челнокчулар, эмгек мигранттары баргандан кийин кайра улуттук сезими ойгоно түшкөнүн угуп жүрөбүз.

Андайлар жылда Москва, Ростов-на Дону, Казань, Абакан, Иркутск сыяктуу шаарларда Нооруз майрамын өткөрүшөт. Бир топ жерде жекшембилик кыргыз мектептерин ачууга аракеттер болуп жатат.

Бирок оор проблемалар толтура: боз үй жана анын жабдыктары, улуттук кийимдер, улуттук тамак-аштар, кыргызча китептер, газета-журналдар, мугалимдер, тарбиячылар...

Билинбеген менен сырт өлкөлөргө соңку он-он беш жылда он миңдей бала кеткен, же ошол жакта төрөлгөн болсо, ошолордун улуттук тагдырын ойлошубуз керек.

Ырас, алардын ата-энелеринин көбү эртеден кечке базарда, же арылап дагы ичкери жактарга соода кылып кеткен, балдардын нянялары болсо бөлөк улуттагылар, алар бешик ырын эне сүтү менен кошо сиңдирүүгө жөндөмсүз.

Ошондо, аларды эмне, жоголгон муун дейбизби?..

Оңой эмес көйгөй экенби, ушуну бир мамлекеттик, жалпы элдик деңгээлде көтөрсөк болор эле...

Абдыкерим МУРАТОВ, публицист.
“Миңсанат”. Блог дүйнөсү.
Окурмандын куржуну.
XS
SM
MD
LG