Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Нарында алтын кендин сууга түшүп кеткен кызматкеринин сөөгү табылды


Сууга түшүп кеткен адамдын сөөгүн алып чыгуу иши.
Сууга түшүп кеткен адамдын сөөгүн алып чыгуу иши.

Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда жүк ташуучу автоунаасы менен сууга түшүп кеткен алтын комбинаттын 31 жаштагы жумушчусунун (Ж.А.) сөөгү 7-апрелде табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, кырсык 5-апрелде болгон.

Кырсык болгон жерде Нарын облустук башкармалыгынын, шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн суучул-куткаруучулары иштеди. Муздун астынан табылган алтын кен ишканасынын кызматкеринин сөөгү Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Алдын ала маалыматта кырсык кендин "Кыргызалтын" ишканасына караштуу бөлүгүндө болгон.

Мурда кабарлангандай аталган окуянын кенди иштеткен кытайлык “Жонг жи майнинг” компаниясына тиешеси жок экени белгилүү болду.(BTo)

XS
SM
MD
LG