Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Түркияда Орхан Инандынын кезектеги соту өттү


Орхан Инанды
Орхан Инанды

6-апрелде Түркиянын баш калаасы Анкарада Кыргызстандан уурдалган, "Сапат" билим берүү мекемесинин мурдагы башчысы, теги түркиялык Орхан Инандынын кезектеги соту өттү. Бул тууралуу "Демирөрен" кабар агенттиги билдирди.

Анда прокурор Орхан Инанды "куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен соттон 15 жылдан 22 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган. Айыпталуучу Инанды сөз алып, 6-февралдагы катуу жер титирөөдө жакындары набыт болгонун айтып, сот отурумун кийинкиги жылдырууну суранганы кабарланды.

"Мен Кахраманмараштан болом. Жер титирөөдө көп тааныштарым жабыркады. Бул зилзаладан абдан таасирлендим, өзүмдү кийинки соттук отурумда коргогум келет", - деди Инанды.

Сот отурумду 16-июнга жылдырганы белгилүү болду.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Орхан Инанды 2021-жылы 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызмат аны Анкарага алып барганын айткан.

Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыптап, 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган. Айыптоо корутундусунда Инанды "Гүлен" кыймылынын Борбор Азия боюнча жооптуу кишиси болгону жазылган. Инанды эч күнөөсү жок экенин айтып келет.

2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети болгонун жарыялаган түрк бийлиги бул үчүн бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүленди күнөөлөгөн жана анын кыймылын ФЕТО ("Фетхуллачы террордук уюм") деп жарыялаган.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. 2021-жылды 23-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Жапаров Инанды кабылган окуяда Кыргызстандын да кемчилиги бар экенин айткан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Инанды кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук тартибин коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген. (ElB)

XS
SM
MD
LG