Прага шаардык кеңеши Орусиянын элчилиги жайгашкан аймактагы аянтка орус опозициячыл саясатчысы, маркум Борис Немцовдун ысымын берүү тууралуу сунушту колдоду.
Аянттын аталышы расмий 27-февралда, Немцовду атып кетишкен күндүн беш жылдыгына карата алмаштырылат.
Кеңеш тараткан билдирүүдө «бул кадамы менен Прага Орусиядагы саясий кырдаалдын оорлошуп кеткенин баса белгилеген башка мегаполистерге кошулат» деп жазылат. Сунушту кеңештеги бардык партиялар колдошту.
2018-жылдын февраль айында Вашингтондогу Орусия элчилигин алдында Немцов атындагы аянт ачылган. Кийин ушундай эле кадамга Литванын баш калаасы Вильнюс да барган.
Борис Ельциндин тушунда вице-премьерлик кызматты аркалаган Немцов Орусиянын азыркы лидери Путиндин саясатын ачык сындап келгендердин бири болчу. Ал 2015-жылдын 27-февралында Кремлдин жанында атылган. Кылмыш боюнча беш адам соттолгон. Ошол эле маалда тергөө буйрук бергендерди таба алган эмес.