2019-жылдын август айында Норвегиянын баш калаасы Ослонун четиндеги “Аль-Нур” мечитине кирип барып, ичиндегилерге ок жаадырган Николас Мансхаус 21 жылга эркинен ажыратылды.
Мечиттин ичинде үч эле адам болгон, алардын бирөө Мансхаустун колунан куралды тартып алууга аракет жасаган маалда ок тийип, жараат алган.
Судья Анника Линдстрем сотто белгилегендей, Мансхаус «көбүрөөк мусулмандарды өлтүрүүнү” көздөгөнүн моюнуна алган.
Мечитке барар алдында 22 жаштагы Мансхаус өзүнүн уялаш карындашын өлтүрүп салган.
Окуя теракт катары мүнөздөлгөн.
Былтыр жазында Жаңы Зеландиядагы "Аль-Нур" мечитинде болгон кыргын 51 кишинин өмүрүн алган.