Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Мечиттеги кыргындын эстен кеткис тагы


Крайстчөрч шаарындагы окуяларда жакындарын жоготкон аялдар. 17-март, 2018-жыл.
Крайстчөрч шаарындагы окуяларда жакындарын жоготкон аялдар. 17-март, 2018-жыл.

Бир жыл мурда Крайстчөрч шаарындагы мечитте болгон кыргын 51 кишинин өмүрүн алган. Ушу тапта Жаңы Зеландияда ошол окуяда набыт кеткендерди эскерүү иш-чаралары башталды. Ал окуялар жашооcун түп-тамырынан өзгөрткөн үч адамдын тагдырын сунуштайбыз.

Ая Аль-Умари бир жыл мурда «Аль-Нур» мечитиндеги каргашада 35 жаштагы агасы Хусейнден айрылган. Мечиттеги окуя тууралуу угары менен Ая алгач агасынын үйүнө андан соң шаардык ооруканага жөнөгөн.

Ошол маалда көзүнө канга боёлгон адамдар менен чыркырап ыйлаган балдардан башка эч нерсе көрүнбөгөнүн айтат. Агасы окко учканын укканда өзүн жоготуп койгон. Ошол маалда ага полиция кызматкери жардам берип, аны тынчтандырып, үйүнө жеткирген жана саат сайын акыбалын сурап турган. Тартип коргоочунун мындай мамилесинен кийин анда полиция болуу кыялы ойгонгон. Банкта иштеген Ая азыр кесибин алмаштырууну көздөп жаткан кези.

"Бул окуя менен жашоомду түп-тамырынан өзгөрттү. Жеке жашоом, карьерам баары башка нукка бурулду", деген Ая ошол күндөн тарта ата-энеси менен көбүрөөк убакыт өткөргөнгө аракет кылып келет.

Ал агасы Хусейндин сүрөтүн кайда барбасын өзү менен кошо ала жүрөт. «Кандайдыр бир чечим кабыл алардын алдында Хусейн кандай кылмак эле деп ойлоном», - деди ал.

Учурда Ая июнь айында өтө турган сотко даярданып жатат. Анда мечиттерге намаз окуганы барган элге ок жаадырган Брентон Тарранттын иши каралмакчы.

29 жаштагы австралиялык жарандын европалык расаны даңазалаган улутчул уюмдарга катышы бары айтылган.

Ая Аль-Умари. 13-март, 2020-жыл. Жаңы Зеландия.
Ая Аль-Умари. 13-март, 2020-жыл. Жаңы Зеландия.

Лен Пенеха 50 кишинин өмүрү кыйылган «Аль Нур» мечитинин жанында жашачу. Ал калаба болгон күнү алгач тарсылдаган автоматтын үнүн уккан. Башында эмне болуп жатканын түшүнгөн эмес. Мечиттен ызы-чуу түшүп качып бара жаткандарды көргөндө дароо кызы Жасминди полицияга чалдырган. Өзү болсо мечиттен качып чыккан адамдарга үйүнө жашырынууга мүмкүнчүлүк берген.

Бул күн анын эсинде түбөлүк калды. 54 жаштагы Пенеха курчалчан адам бир аялды атып, андан соң аны машине менен тебелетип кеткен учурду унута албай кыйналып келет. Кылмышкер кеткенден кийин мечитке кирип, туш келди өлүп жаткан адамдарды көргөн.

«Ошол окуядан кийин көпкө чейин жакшы уктай албай жүрдүм», - дейт ал. Кийин психологдун жардамы менен өзүнө келген. Бирок мечитти көргөн сайын кандуу окуя эсине түшө берип, үйүн сатып башка жакка көчүп кетүүгө аргасыз болгон.

Лендин үйүнө жашынып, аман калгандар ага ыраазы. «Биринчиден, алар мечиттен аман-эсен качып чыгышты. Мен болгону дубалдан ашып өтүп, үйүмө жашынууга жардам бердим», - дейт Лен.

Лен Пенеха
Лен Пенеха

Адиб Ханафер-хирург. Ал мечитте ок тийген төрт жашар кыздын өмүрүн сактап калган. Ханафер шашылыш ооруканага чакыртылганда мечиттеги окуя тууралуу уккан эмес. Бараар замат наристеге токтоосуз жардам керек экенин угуп, ишке киришкен.

Окуядан жети ай өткөн соң палестин кыздын үй-бүлөсү дарыгерди конокко чакырган.

"Мен Ален ден соолугу бекем кыз болуп чоңойоруна ишенем. Мен ага "сен хирург болушуң керек” десем, ал полиция болгусу келгенин айтты" , - деген 52 жаштагы Ханафер бир жыл мурда Крайстчөрч шаарында болгон кандуу окуядан кийин жергиликтүү калктын мусулмандарга болгон мамилеси өзгөргөнүн айтты. «Алар башка дин, башка маданият бар экенин дагы жакшыраак түшүнүп, тескерисинче менин хижаб кийген аялымга сый-урмат менен карап калышты», - деп белгиледи догдур.

2019-жылы 15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчөрч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде жума намаз окулуп жатканда автоматчан адамдар ок жаадырып кирип барышкан. Бул учурда мечиттерде 300 адам болгон. Окуяга шектүү төрт адам кармалган, алардын бири Австралиянын жараны экени аныкталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG