Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

Обама: Орой катаны оңдогула!


Умар Фарук Абдулмуталлаб
Умар Фарук Абдулмуталлаб

“Ал-Каиданын” нигериялык жанкечтиси 300 жүргүнчү менен кошо Америкага жөнөгөн учакта өзүн-өзү жардырганы жатканда, учактагылардын көрөгөчтүгү менен каргашалуу окуя болбой калды. АКШнын президенти Барак Обама ал жанкечти кантип оңой эле Амстердамдан учкан самолетко отурганын айыптап, муну “коопсуздук эрежелеринин орой бузулушу” катары сыпаттады.

Президент Обама Крисмас күнү теракт боло жаздаганын “адамдардын да, системанын да орой катасы” деп атады.

Президент үй-бүлөсү менен эс алууда жүргөн жеринен шейшембиде кечинде калкка билдирүү жасаган. “Ал-Каида” менен байланышы бар 23 жаштагы нигериялык жанкечти Умар Фарук Абдулмуталлаб улам радикалдашып баратканын анын өзүнүн атасы да буга чейин билдирген экен. Ошого карабай, ал Американы көздөй учкан учакка отура алганы “коопсуздук эрежелеринин орой бузулушун айгинилейт” деди президент.

Күчөгөн басым

Обама эки күндө эле бул боюнча эки ирет элге кайрылды. Бул өзү учурда Американын өзүндө да коопсуздук системасынын натыйжалуулугу боюнча талаш-тартыштар басылбай жатканын көрсөтөт.

Президент окуя боюнча 31-декабрга чейин так отчет берилишин талап кылды. Андан сырткары, авиациядагы коопсуздук текшерүүлөр системасын өнүктүрүү боюнча сунуш берилишин буйруду.

Соңку окуя президент Обаманы коопсуздук боюнча катуу ойго салды
“Мен буйруган отчеттор бизге көбүрөөк маалымат берет, - деп айтты ал. - Болгон окуя адамдардын өздөрүнүн жана системанын кемчилигинин айынан коопсуздук эрежелери орой бузулганын көрсөттү. Мындан сабак алып, системадагы каталарды тез оңдошубуз керек. Анткени сөз биздин коопсуздугубуз, адамдардын өмүрү тууралуу болуп жатат”.

Ал аралыкта оппозициядагы республикачылдар болсо акыркы күндөрү Обаманын администрациясынын коопсуздук боюнча саясатын сынга алышууда.

Системалык ката

Мунун баары 25-декабрда америкалык католик-христиандар Крисмас майрамын белгилеп жатышканда чагылгандай жайылган коркунуч кабардын айынан болуп жатат. Атлантиканы аттай, Америкага жол алган учакты жардырам деген Абдулмуталлаб “Ал-Каида” террор уюмунун Йемендеги бөлүмүнөн болот. Анын ысмы алгач америкалык расмий адамдардын кулагына быйыл ноябрда атасы АКШнын Нигериядагы элчилигине келип, баласынын радикал көз-караштары жөнүндө айтканда чалынганы белгилүү.

Элчилик маалыматты Мамдепартаментке жиберет. Умар Фарук Убдулмуталлабдын аты “кара тизмедеги” 550 миң адамдын тизмесине киргизилгени менен, “учууга тыйуу салынган” коркунучтуу делген 4 миңдей адамдын башка тизмесине кирбей калат. Ошондуктан ал бул жолу оңой эле учакка отура алган. Президент Обама муну “системанын катасы” дегени да ушундан.

“Эгерде бул маанилүү маалымат убагында туура таркатылганда, аны башка чалгын кызматтары да билмек, шектелип жаткан адамдын сүрөтү аныкталмак. Ал текшерүүдөн өтөөрү менен коңгуроолор кагылып, шектелген киши эч качан Америкага учуп жаткан учакка отура алмак эмес”, - деди Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG