Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:32

Ташкент: жаштарга жаккан, дыйкандар каккан чечим


Өзбекстандын дыйкандары президент Шавкат Мирзиёевдин өлкөдөгү жумушсуз жаштарга ар бир 10 гектар жердин бир гектарын бөлүп берүү жөнүндө чечимине нааразы болушууда.

"Азаттык" радиосунун өзбек кызматы менен байланышкан айрым дыйкандар жумушу жок жүргөн жаштарга айдоо жерин өз каражатынын эсебинен бөлүп берүү аларга ашыкча чыгым келтирип жатканын айтышты.

"Жер салыгы мойнубузда. Биз жердин ар бир бөлүгүн туура пайдаланууга аракет кылабыз. Бийлик жаштарга ар бир 10 гектар себилген жерден бир гектардан бөлүп берүүнү талап кылууда. Алар жер үчүн бир тыйын төлөбөй пайда табат. Бул кимге жагат деп ойлойсуз?", - дейт Самарканд облусунун Кошрабад районунан байланышкан дыйкан.

Ал эми Наманган облусунун Уйчин районунда жашаган дыйкандын бири жергиликтүү бийлик күч түзүмдөрүнүн кысымы менен жумушсуз жаштарга жер бөлүп берүүгө мажбур болгонун айтып берди.

"Биз менен акимчиликтин жана прокуратуранын өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү. Анда биздин аймактагы жумушсуз жүргөн 300 адамга бир гектардан жер бөлүп берүү керектигин айтышты. Эмне кылмак элек, аргасыз макул болдук. Өкмөттүн буйругу болгондуктан жерибизди толугу менен жоготуп алуудан корктук", - деди намангандык фермер.

Пахта талаасында иштеген жумушчулар. Бухара, 2018-жыл.
Пахта талаасында иштеген жумушчулар. Бухара, 2018-жыл.

Анткен менен райондук жана облустук администрациялар "дыйкандар жумушсуз жаштарга жер бөлүп берүүгө аргасыз болуп жатат" деген маалыматты четке кагышууда.

Наманган облусунун администрациясынын өкүлү "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына жумушсуз жаштарга жер тилкелери мүмкүнчүлүктөрүнө жараша бөлүнүп бериле турганын билдирди.

"Биздин өлкөдө дыйкандарды жер бөлүп берүүгө эч ким мажбурлабайт. Жергиликтүү чарбалардын же райондордун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша бөлүнүп берилет. Ушул жерлерге жумушсуз жаштар иштесе жакшы болмок. Алар бизге азыртадан ыраазычылыгын билдирип жатышат".

Бирок Өзбекстандын айрым аймактарында жергиликтүү бийлик буга чейин жумушсуз жүргөн жаштарга бөлүнүп берилген жерлерди тартып ала баштаганы да кабарланды. Мисалы, Самарканд облусунун Кошрабад районунда 22 гектар жер бөлүнгөндөн бир жумадан кийин артка кайтарылганы айтылууда.

"Кошрабад облусунда жергиликтүү жумушсуздардын ар бирине 40 сотыхтан жер бөлүнүп берилген. Бул тууралуу алар гезиттерге да жазып чыгышкан. Бирок бир жумадан кийин акимчилик бул жерлерди кайтарып алды. Бул биздин президенттин саясатына карама-каршы келет", - деди атын атагысы келбеген самарканддык жигит.

"Озодлик" радиосунун журналисттери бөлүнгөн жер жумушсуз тургундардан эмне үчүн кайтарылып алынганын билүү үчүн Кошрабад облусунун акимчилигине чалып, бирок жооп ала алган жок.

Ал арада Анжиян облусунун Улугнор районундагы "Собитхон ата" дыйкан чарбасынын башчысы Элербек Хакимов төрт жумушсуз адамга өзүнүн чарбасынан жер бергенин айтты.

"Кошунаң жумушсуз жүрсө ага жер бербей коюу мүмкүн эмес. Бул нерсе бизге зыян алып келгенине карабастан, алар менен жерибизди бөлүшөбүз. Көрүп тургандай эле, жаштардын эч жакка кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Алар Орусия же Казакстанга да бара албай жатат. Ал эми бул жерде картошка тиксе да жок дегенде бир аз киреше табат. Эгерде аларды ушундай жол менен жумушка орноштурууга мүмкүнчүлүк болсо, анда аларга жер бөлүп берүү керек деп ойлойм. Мен бөлүп берген жерге жүгөрү жана картошка айдашты. Алар жерди өздөрү иштетишет. Эгерде жакшы иштешсе анда бир сезондо эки жолу түшүм алууга болот. Орточо эсеп менен бир сезондо 5 миллион сум (500 долларга жакын) киреше табууга болот", деди анжияндык дыйкан.

27-январындагы жолугушууда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жер бөлүп берип, жаштарды жумуш менен камсыз кылуу долбооруна өзгөчө көңүл бурган.

Шaвкат Мирзиёев пахта талаасында.
Шaвкат Мирзиёев пахта талаасында.

Ал мындан улам өлкөнүн Агрардык жана азык-түлүктү өнүктүрүү боюнча вице-премьер-министр Шухрат Ганиевге айыл чарбасындагы ар бир айдоо аянтынан 1 гектардан жер бөлүп берүү жол-жобосун киргизүүнү тапшырган.

“Ар бир дыйкан чарба 2 гектардан жер бөлүп берсин. Төрт жаш дыйканга жарым гектардан тиет. Алар каалаган нерсесин сепсин, аларга эч ким тоскоол болбойт ”, - деди Мирзиёев.

Анын айтымында, былтыр дыйканчылык үчүн жер сураган 14 миң жаштын ичинен 3 миңи гана жер тилкесин алган.

Өзбекстандын Финансы министрлигинин мурунку кызматкери, учурда Казакстандагы Евразия улуттук университетинин ассистенти Сапарбай Жубаев өзбекстандык жаштар арасындагы жумушсуздук маселесин аларга жер бөлүп берүү менен чечүү мүмкүн эмес экенин белгилейт.

"Өзбек бийлиги муну бир аз эртерээк жасашы керек болчу. Мисалы, Казакстанда өлкөнүн түндүгүнө көчүп кетүүнү каалаган жаштарга жер, мал, шаймандар жана жумуш берилет. Жаштарды кызыктыруу үчүн аларга акча да бөлүнөт. Бирок бул дыйкан чарбаларга зыян келтирбеши керек. Мисалы, Кытайда, өткөн кылымдын 60-жылдарында, Мао Цзедундун демилгеси менен бардык жарандар металл өндүрүү менен алектене башташкан. Муну менен өлкө жетекчилиги жумушсуздук маселесин чечүүнү каалаган, бирок акыр аягы бул демилге өлкөнүн металлургия тармагын толугу менен талкалады", деди Жубаев.

Учурда 35 миллион калкы бар Өзбекстанда эмгекке жарамдуу калктын саны 20 миллион адамды түзөт. Ар түрдүү божомолдор боюнча, эмгекке жарамдуу 5-6 миллион өзбекстандык жакынкы же алыскы чет өлкөлөрдө туруктуу же сезондук негизде мигрант болуп иштешет. Өткөн жылдын октябрь айында жарыяланган Өзбекстандын статистикалык комитетинин акыркы маалыматы боюнча өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээли 13 пайызды түзөт.

Буга чейин "Азатык" радиосунун өзбек кызматы Өзбекстанда пандемиядан улам каржалып турган айрым ишкерлер жаштарды жумуш менен камсыз кылууга мажбурланганын кабарлаган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG