Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-июнь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 02:05

Трамп: АКШ мунай импортуна салык киргизиши мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Дональд Трамп Вашингтон Американын мунай тармагын коргоо үчүн чийки мунайдын импортуна салык киргизиши мүмкүн экенин 5-апрелде билдирди. Ал мындай кадамга АКШ эгер Орусия менен Сауд Арабиясы кара май өндүрүүнүн көлөмүн кыскартуу боюнча мунаса таппай, дүйнөлүк баа кескин түшүп кеткен шартта барышы ыктымал экенин кошумчалады.

Ошол эле маалда мунай өндүрүүчү тармактын өкүлдөрү Трампка салык салбоону суранган кат менен кайрылышты. Алардын эсебинде мындай кадам кара майга болгон баанын жогорулашына алып келет. АКШ мунайды Сауд Арабиясынан жана Орусиядан импорттойт.

Трамп мунай өндүрүүчүлөрдүн ОПЕК тобуна кирген Орусия менен Сауд Арабиясы бир мунасага келет деген ишеничте экенин билдирди. «Андай болбосо алар өздөрүн жок кылышат», - деди АКШ президенти.

30-мартта мунайга болгон баа 18 жылдан берки эң төмөн көрсөткүчкө жеткен. Буга коронавирус пандемиясы да түрткү болду.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG