Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

Алматыда Олимп оюндары өтүшү мүмкүн


Казакстан 2011-жылы 7-кышкы Азия оюндарын Астана жана Алматы шаарларында жогорку деңгээлде өткөрүү менен дүйнөлүк адистердин жана көңүлүн бурган.
Казакстан 2011-жылы 7-кышкы Азия оюндарын Астана жана Алматы шаарларында жогорку деңгээлде өткөрүү менен дүйнөлүк адистердин жана көңүлүн бурган.

2022-жылкы кышкы Олимп оюндары Казакстандын Алматы шаарында өтүп калышы ыктымал.

Өткөн айда Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Норвегиядан көңүлү чөгүңкү маанай менен кайтты. Себеби ал 2022-жылкы кышкы Олимп оюндарды өткөрүүгө талапкердин бири - Осло шаарынын жарышка катышуу же чыгуу ниетин тактоого барган. Тилекке каршы экономикалык кыйынчылыктардан улам Осло шаар бийлиги олимпиада жүгүн көтөрүүгө шарты жоктугун ачык айтып, жарыштан чыгууга ниет кылып турушканын билдирди.

- Чынында эле Европа континентиндеги өлкөлөр олимпиадалык оюндарды өткөрүүдөн тажагандай түрү бар. Жайкы олимпиадалык оюндарды айтпаганда эле Европада 14 жолу кышкы олимпада өткөнү буга мисал. Ушул Осло шаарында 1952-жылы 6-кышкы олимпиада өткөн. Мындан сырткары 1994-жылы Норвегиянын Лиллехамер шаарында да 17-кышкы олимпиада болгон. Европа неге кышкы оюндарды каалабай калганын бир себеби - Франияда үч жолу, Австрияда эки, Италияда эки, Германияда бир ирет кышкы олимпиадалык оюндардын шылтоосу менен тоо лыжа базаларын, спорт сарай, арена, борборлорун эбак куруп алышкан. Ошондуктан европалыктар олимпадалык оюндардан тажап, шаар тургундары бейпил жашоосун дүрбөлөңгө салууну каалабай турушат,- дейт спорт адиси Касымкул Оболбеков.

Алгач 2022-жылкы кышкы Олимп оюндарын өткөрүү ниетин АКШ, Канада, Финляндия, Франция, Румыния жана Босния өлкөлөрү билдирген. Бирок ушул кезге чейин бул өлкөлөрдүн бирөө да Эл аралык олимпиада комитетине расмий арыз жазып, өтүнүч менен кайрылган жок.

Андан да кызыгы Швейцария өлкөсүнүн эки шаары - Давос жана Санкт-Морице эстафетаны колго алууга ниет кылса, бул аймактын тургундары кышкы олимпиаданы өткөрүүгө карманча каршы туруп алышты. Себеби мурда Санкт-Морице шаарында 1928-жана 1948-жылы эки ирет кышкы олимпиада болуп өткөн. Германиянын Мюнхен шаарынын саясатчылары менен спорт жетекчилеринин демилгесин шаар тургундары колдобой, референдум өткөрүп, көпчүлүк кышкы оюндарды кабыл алууга каршы добуш берип койду.

2022-жылкы кышкы олимпиадалык оюндарды өткөрүүгө талапкерлердин өтүнүчү быйыл ноябрга чейин гана кабыл алынат. Ушул учурга чейин Осло, Стокгольм, Алматы, Бээжин, Краков жана Львов шаарларынан Эл аралык олимпиада комитетине арыз түшкөн. Осло шаарынын соңунда негизги талапкерлердин бири Швециянын Стокгольм шаарынын мэри Стен Нордин да экономикалык кыйынчылыктардан улам жарыштан четке чыгаарын билдирген.

Май айында Краков шаарынын тургундары да 2022-жылкы кышкы олимпиаданы өткөрүүгө каршы экенин билдиришти. Украинанын Львов шаары олимпиада эмес өз айласын табалбай, бул өлкө кризистин сазына батып турат. Ошентип Европа өлкөлөрү биринин артынан бири кышкы оюндардан жүз буруп жатканына Эл аралык олимпиада комитетинин жетекчилери кабатыр болушуп, тынчсызданып турушат. Же олимпиада идеяларынын башаты болгон Европада олимп кыймылы кризиске такалдыбы?

31-июлда Малайзияын борбору Куала-Лумпур шаарында ЭОКтун кезектеги сессиясында 2022-жылкы кышкы олимпиаданын талапкерлери катары калган Алматы жана Бээжин шаарларынын тагдыры чечилет. Айрым адистер Бээжин шаарында 2008-жылы жайкы олимпиада болгонун, тоо лыжа оюндары өтүүчү Чжанцзякоу капчыгайы алысыраак экенин азыр эле каңкуулап, улам эле кыска убакытта кытайлыктар олимпиаданын эстафетасын ала береби дешип нааразы пикирлерин айтышууда.

- Ушундай жагдайлардан улам Алматы шаары алдыга чыгып, 2022-жылкы кышкы олимпиаданы өткөрүү укугун жеңип алса, кышкы спорту бечел коңшу Кыргызстан үчүн өзү уткандай эле олжолуу болмок, - дейт Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов.

Ошентип Алматы шаары бир нече жагдай, позиция боюнча негизги талапкердин бири катары оозго алынып, бирок мындай оор жүк, милдетти Казакстан аркалай алабы деген күдүк ойлор да айтылууда. Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлөрү эмне үчүн акыркы үч олимпиадалык оюндар Азия аймагында өтүш керек дешип маселени кабыргасынан коюшууда. Себеби, 2018-жылкы кышкы олимпиада Түштүк Кореянын Пхенчхане шаарында, 2020-жылкы жайкы олимпиадалык оюндар Жапониянын борбору Токиодо өткөрүлө турганы эбак анык болуп, кызуу даярдыктар жүрүп жатат.

- Анан 2022-жылкы кышкы оюндарды өткөрүү укугун да Азия континентиндеги Алматы шаары жеңип алышы мүмкүн. Бул демилгени жакында эле шаар тургундарынын көпчүлүгү колдоого алышаары сурамжылоодо маалым болду,- дейт Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов.

Ал ортодо Алматы шаары 2017-жылы Бүткүл дүйнөлүк кышкы Универсиада оюндарын өткөрүүгө шымалана киришип, даярдык көрүүдө. Алатау районунда 12 миң күйөрман бата турган, баасы 170 миллион долларга барабар өлкөдөгү эң чоң кышкы спорт сарай куруу долбоорун ишке ашырууга белсенүүдө.

Кулжа аймагында дагы 3 миң күйөрман бата турган, баасы 86 миллион долларлык спорт аренасын куруу пландалууда. Ошентип бир кышкы аренаны курууга 256 миллион доллар чыгымдалмак болууда.

- Бул ири курулуштар курулуп калса, Медео муз аренасы кайра реконструкцияланса, Чым-Булактагы тоо лыжа базасы эл аралык талаптарга ылайык кайра курулса, дагы эл аралык талаптагы бобслей, чана, фристайл базаларын курууну пландап койсо, Казакстан 2022-жылкы кышкы олимпиаданы өткөрүүгө чама-чаркы жетмек, - дейт Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров.

Казакстандыктар 2011-жылы 7-кышкы Азия оюндарын Астана жана Алматы шаарларында жогорку деңгээлде өткөрүү менен дүйнөлүк адистердин жана ЭОКтун жетекчилеринин көңүлүн бурган.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG