Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Омбудсмен Эсен Мажитовду Кыргызстанга алып келүүгө аракет көрүүдө


Эсенбай Мажитовду колдогон жарандар Тышкы иштер министрлигинин алдына чыккан учур. 27-апрель.
Эсенбай Мажитовду колдогон жарандар Тышкы иштер министрлигинин алдына чыккан учур. 27-апрель.

Кыргызстандын Омбудсмени Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргыз жараны Эсен Мажитовду мекенине алып келүүгө аракет көрүүдө. Мажитовдун Нижный Новгороддогу камак мөөнөтү дагы үч айга узартылган.

Акыйкатчы институту 28-майда ушундай билдирүү таратып, дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдады. Тышкы иштер министрлиги жана Башкы прокуратура дагы ушундай эле иш-аракеттерди көрүп жатканы кабарланган.

Баткендин Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов 18-апрелде Орусияга жумуш издеп барып, учактан түшөрү менен полицияга кармалган. Буга чек аралаш айылдын тургунуна Тажикстандын "оор кылмышкер катары эл аралык издөө жарыялаганы" себеп болгон.

Расмий Дүйшөмбү оор беренелер менен издөөгө алынган Эсенбай Мажитовду Тажикстанга экстрадициялоо өтүнүчүн келтирген.

Эсенбай Мажитов Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Тажикстандын Чорку айылы менен чектешкен аймакта турат. 2020-жылы чек арада чыр чыкканда эки тараптан тең ок атылып, Мажитовдордун үйү өрттөлгөн. Кийин өкмөт жана жергиликтүү элдин колдоосу менен анын үй-жайы калыбына келтирилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG