Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган Мажитовду колдогондор ТИМдин алдына чогулду


Эсенбай Мажитовду колдогон жарандар ТИМдин алдында чогулушту
Эсенбай Мажитовду колдогон жарандар ТИМдин алдында чогулушту

Тышкы иштер министрлигинин алдында чогулган он чакты адам “Мажитовго боштондук”, “Өлкө үчүн ар бир жаран баалуу”, “Эсен баатыр, чек арачы” деп жазылган кагаздарды көтөрүп турушат.

“Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бул ишке көңүл буруп, расмий билдирүү жасашы керек. Мажитовду Тажикстанга экстрадиция кылганга жол берилбеши абзел. Андай болсо Мажитовду Кыргызстанга кайтаруу кыйын болуп калат”, - деди чогулгандардын бири.

Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов 18-апрелде Орусияга жумуш издеп барып, учактан түшөрү менен полицияга кармалган. Буга чек аралаш айылдын тургунуна Тажикстандын "оор кылмышкер катары эл аралык издөөгө жарыялаганы" себеп болгон. Маалыматка ылайык, Мажитов Төмөнкү Новгороддо кармалган.

Расмий Дүйшөмбү оор беренелер менен издөөгө алынган Эсенбай Мажитовду Тажикстанга экстрадициялоо өтүнүчүн келтирген.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова бул ишти Тышкы иштер министрлиги жана Башкы прокуратура көзөмөлгө алганын билдирди. Маалыматка ылайык, Мажитовду Тажикстанга экстрадиция кылбай Кыргызстанга кайтаруу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Эсенбай Мажитов Баткен районунун Көк-Таш айылынын Тажикстандын Чорку айылы менен чектеш аймакта турат. Өткөн жылы чек арада чыр чыкканда эки тараптан тең ок атылып, Мажитовдордун үйү өрттөлгөн. Кийин өкмөт жана жергиликтүү элдин колдоосу менен үй-жайы калыбына келтирилген. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG