Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Жапаров: Чек ара маселеси мындан ары ачык чечилет


Президент Садыр Жапаров 26-апрелде "Пирамида" телеканалына маек курду.

Президент Садыр Жапаров 26-апрелде "Пирамида" телеканалына маек куруп, коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин чечүү мындан ары жабык өтпөй турганын, ага бардык тараптар катышарын айтты.

"Бизге чейин баары жашыруун чечип келген. 30 жылдан бери бийлик жашыруун чечип, ратификациядан өтүп, кол коюлуп, бекип калгандан кийин биздин жер өтүп кетти деп ызылдап жатпайбызбы. Биз айрым өтүп кеткен жерлерди элге ылайыктап сүйлөшүп жатабыз.

Ошондой сүйлөшүүлөр жүргөндө бир жерден берсек, ордуна жер алышыбыз керек. Бирок мындан ары "жерим өтүп кетти" деген ар бир райондун эли менен абалды талкуулап, бардык тараптар менен сүйлөшүп чечебиз. Азыр жөн гана башталышы. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мындан ары дагы жүргүзөбүз. Эми жергиликтүү элден дагы комиссиянын курамына кошобуз. Биз мурдагылардын катасын кайталабайлы деп жатабыз", - деди Жапаров.

Март айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселеси 100% чечилгенин кабарлаган.

Бирок УКМК төрагасынын Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан коңшу өлкөгө 50 гектар жер берүү тууралуу протоколго кол койгону Кара-Суу жана Өзгөн районунун тургундарын нааразы кылган.

Мындан кийин Камчыбек Ташиев коңшу өлкөгө 20 гектар гана жер берилерин айткан. 25-апрелде Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолукканда жер берүү тууралуу протоколду жокко чыгара турганын билдирди.

Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарында чек арага байланыштуу чырлар маал-маалы менен катталып турат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG