Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Түркияда коронавируска байланыштуу локдаун жарыяланды


Стамбул шаары. 2021-жыл.
Стамбул шаары. 2021-жыл.

Түркияда коронавирус илдетинин тез жайылышына байланыштуу 29-апрелден 17-майга чейин локдаун жарыяланды.

26-апрелде президент Режеп Тайып Эрдоган басма сөз жыйынында коронавируска байланышкан чектөөлөр күчөтүлүп, бул ирет толук локдаун киргизилгенин кабарлады.

"Орозо айынан кийин кадыресе жашоого кайтып келүү үчүн коронавирустун жаңы жуккан учурларын суткасына 5 миңге түшүрүшүбүз керек. Болбосо, туристтик ишмердүүлүккө кайтып келе албайбыз. 29-апрелде саат 19:00дөн баштап 17-май, таңкы 5:00гө чейин толук локдаун киргизилет", - деди Эрдоган.

Кабыл алынган чечимге ылайык, бейшембиден баштап 18 күн бою азык-түлүк дүкөндөрүнөн башка бардык мекеме жана соода борборлору жабык болот. Ал эми аймактар арасында каттоо Ички иштер министрлигинин атайын уруксаты менен жүрөт. Бирок бул локдаундун эл аралык аба каттамдарына тиешеси жок экени кабарланды.

Ал арада Орусия эпидемиологиялык абалдан улам Түркия менен аба каттамдарын 15-апрелден 1-июнга чейин токтоткон.

Ошол эле учурда өлкөнүн 83 миллион калкынын 22 миллионго жакыны коронавируска каршы вакцина менен эмделди. Түркияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 16-апрелде 63 082 адамга жеткен. Ал эми 21-апрелде бир күндө 362 адам көз жумган. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG