Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Ишкер аялдардын колунан чыккан өндүрүмдөрдүн көргөзмөсү өтөт


Кыргызстандык уздар тиккен буюмдар. Бишкек.
Кыргызстандык уздар тиккен буюмдар. Бишкек.

Бүгүн, 27-апрелде Бишкекте 12 өлкөнүн 900дөн ашуун ишкер аялдары катышкан көргөзмө башталат. “БУУнун Аялдар түзүмү" уюштурган бул иш-чаранын ачылышы "Шератон" мейманканасында өтөт.

Көргөзмө 29-апрелге чейин созулуп, жалпы жонунан 23 багытты камтыйт. Анда аялдардын колунан чыккан кийим-кече ж.б. айыл чарба продукциялары коюлат. Кыргызстандан бул иш-чарага катышуу үчүн 70тей аял катталган.

Үч күндүк көргөзмө COVID-19 пандемиясы учурунда жана андан кийин ишкер аялдарды колдоп, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөйт.

Катышуучулар көргөзмө өтүп жаткан учурда бир нече компанияларга иш саякаты менен барып, алардын тажрыйбаларын үйрөнүп келмекчи. Көргөзмөдөн кийин ишкерлер бизнес сунуштарын иштеп чыгуу жана аны жөндөп кетүү боюнча кесипкөй машыктыруудан өтүшөт.

Иш-чараны Жапониянын өкмөтү каржылоодо.

Кыргызстанда чакан бизнести негизинен аялдар колго алган. Коронавирус пандемиясы башталганда алардын иши үзгүлтүккө учураганы байма-бай айтылып келет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG