Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

АКШ: сенаторлор Путинге жакын олигархтарды "кара тизмеге" киргизүүнү сунушташты


Орусия. Москва. Орусиядагы миллиардер Алишер Усманов.
Орусия. Москва. Орусиядагы миллиардер Алишер Усманов.

АКШда Хельсинки комиссиясынын жетекчилери: сенатор-демократ Бен Кардин, сенатор-республикачы Рожер Уикер жана конгрессмен Жо Уилсон биргелешкен кайрылуусун жарыялап, анда президент Байдендин администрациясын абактагы орусиялык саясатчы Навальныйды колдоо үчүн жандуураак аракеттенүүгө чакырды.

Кайрылууда Орусиянын президенти Владимир Путиндин эң жакын айланасына кирген ири ишкерлерди санкциялык тизмеге киргизүү сунушталып, анда конкреттүү ысымдар дагы аталган.

Комиссиянын лидерлери абакта отурган оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын саламаттыгынын абалына жана ага карата бийликтин куугунтугуна өзгөчө көңүл бурушкан.

Жагдайга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге эң жакын саналган олигархтар Роман Абрамовичке, Алишер Усмановго, Игорь Шуваловго жана Николай Токаревге санкция киргизүү сунушталган. Ал олигархтардын бардыгы Навальныйдын антикоррупциялык иликтөөлөрүнүн каармандары экени кайрылууда белгиленген.

АКШ буга чейин Орусиядагы бир катар жогорку мамлекеттик кызматтагы адамдарды санкциялык тизмеге киргизип, бирок аталган ишкерлер ага кошулган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG