Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

Мэрия жол кирени көтөрүү маселесин коомдук талкууга койду


Бишкектин коомдук транспорту
Бишкектин коомдук транспорту

Бишкек шаар башкармалыгы жол акыны көтөрүүгө байланыштуу маселени коомдук талкууга коюп жатат.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Жол кирени көтөрүүгө байланыштуу үч вариант иштелип чыкты.

Биринчи вариант - азыркы бааны калтыруу, экинчиси - автобус, троллейбус баштаган муниципиалдык транспортто жүрүүнүн наркын 11 сом, маршруттук унаалардын жол акысын 15 сомго көтөрүү, үчүнчү вариант - автобуста 15, троллейбуста 11, маршруттук унааларга 19 сом төлөп жүрүү сунушталууда.

Жол кире акыркы жолу 2012-жылдын 1-майында көтөрүлгөн. 2021-жылдын январь айында Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифти көтөрүү талабы менен акцияга чыккан. Алар талап аткарылбаса, иш таштай турганын билдиришкен. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG