Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

ОПЕК+ тобуна кирген өлкөлөр мунай өндүрүшүн кыскартууну улантышат


Татарстандагы мунай өндүргөн ишкана. 23-апрель, 2020-жыл.
Татарстандагы мунай өндүргөн ишкана. 23-апрель, 2020-жыл.

Сауд Арабиясы башында турган 13 мамлекеттен турган топ июль айында мунай өндүрүүнү суткасына 9,6 миллион баррелге чейин азайтуу боюнча макулдашууга кол коюшту.

Өндүрүштү кыскартуу боюнча келишим мамлекеттер ортосунда апрель айында кабыл алынган. Жаңы келишимге ылайык, ушундай эле чаралар июль айында да уланат.

Карантин чаралары жумшартылып, ишканаларда жумуш жандангандан бери кара майдын баррелинин баасы 40 доллардын тегерегинде кармалууда. Апрель айында баа кескин төмөндөп кеткен эле.

Орусиянын энергетика министри Александр Новай мунай базары “дагы эле туруктуу эмес жана колдоого муктаж» экенин билдирди.

Кошмо Штаттардын энергетика министри Дэн Бруиллетт келишимдин узартылышын кубаттап, бул маанилүү чечим экенин айтты.

Байкоочулардын айтымында, кара май базарынын келечеги бүдөмүк жана Иран менен Нигерия сыяктуу мамлекеттер өндүрүш квотасын ашырып жибериши мүмкүн деген кооптонуу бар.

XS
SM
MD
LG