Орус-Украин согушу. Доллар куну. Жаңы мэр
Орусия Украинада аскердик операциясын баштады. Украин президенти муну кол салуу, согуш катары баалады. Айрым маалыматтар боюнча, эки тараптан тең каза таап, жарадар болгондор бар. Ал арада Кыргызстандын парламентинде Украинадагы кыргыз жарандарына жардам берүү маселеси көтөрүлдү. Украинадагы окуялардан улам Кыргызстандагы коммерциялык банктарда орус рубли арзандап, доллар кескин кымбаттады. АКШ долларынын курсу 85 сомдон 95ке жетти. Бишкекте шаар башчысы алмашты. Жаңы мэр болуп 63 жаштагы ишкер Эмилбек Абдыкадыров дайындалды.
Чыгарылыштар
-
Июнь 19, 2026Москва: “Садоводдо” иштеген тажик соодагерлер жабыркады
-
Июнь 18, 2026“75чилер иши”: Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги кандай?
-
Июнь 17, 2026Чехияда салыктан качууга шектүү өзбек жарандары кармалды
-
Июнь 16, 2026Ташиевдердин иши, интернетте тараган "сурактын видеосу"
-
Июнь 15, 2026Азиза Абдирасулова милицияга сурак берип чыкты