Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Ошто театр майрамы башталды


Ошто театр майрамы башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:55 0:00

Ош шаарында Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине карата VII ART-ORDO эл аралык театр фестивалы башталды. Фестивалга Азербайжандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Түркиянын, Орусиянын жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышат. Фестиваль беш күнгө созулуп, ага өлкөдөгү бардык театрлар катышат.

Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, II даражадагы «Манас» орденинин ээси, кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп, өмүрүн театр менен киного арнаган Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Темир айылында туулуп өскөн.

Сейдакматова «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы», «Ак илбирстин тукуму» жана башка бир катар тасмаларда, спектаклдерде ролдорду жараткан.

XS
SM
MD
LG