Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Өзбекстанда алгачкы ирет аял элчи болуп дайындалды


Феруза Махмудова
Феруза Махмудова

Сенаттын жума күнкү пленардык жыйынында Өзбекстандын Израилдеги элчиси кызматына Феруза Махмудованын талапкерлиги колдоо тапты.

Сенаттын төрайымы Танзила Нарбаева жыйында сүйлөп жатып, Өзбекстандан 130 өлкө менен дипломатиялык кызматташтык түзгөнүнө карабастан бир да аял элчи катары дайындалбаганын белгилеген.

"Феруза Махмудова эгемен Өзбекстандын тарыхында алгачкы аял элчи катары тарыхка кирет", - деп белгиледи Нарбаева.

Белгилей кетсек, 2010-2012-жылдары Өзбекстандын Испаниядагы элчиси кызматында ошол кездеги президент Каримовдун кызы Гүлнара Каримова турган.

45 жаштагы Феруза Махмудова буга чейин Тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу кызматташтык башкы башкармалыгын жетектеп турган.

XS
SM
MD
LG