Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:29

Пакистанда поезд өрттөнүп, 73 киши өлдү


Карачи-Равалпинди каттамындагы өрт алган поезд. 31-октябрь, 2019-жыл.
Карачи-Равалпинди каттамындагы өрт алган поезд. 31-октябрь, 2019-жыл.

Пакистандын борбордук бөлүгүндөгү Пенжаб провинциясында поездде өрт чыгып, андан 70тен ашуун адам каза тапты. Жабыркаган 40тай киши ооруканага жеткирилди. Жүргүнчүлөрдүн көбү «Таблиги жамаат» диний кыймылынын жыйынына баратканы белгилүү болду.

31-октябрда Пенжабда жүргүнчү поездиндеги өрт кеминде 73 адамдын өмүрүн алганын провинциянын «Тез жардам» кызматынын өкүлү Калим Улла «Азаттыктын» Пакистан кызматына ырастады. Анын айтымында, жабыркаган 43 адамдын 11инин абалы оор.

Маалыматка ылайык, поезд Пенжабдын түштүк бөлүгүндөгү Рахим Яр Хан шаарчасына жеткенде вагондордун биринде жарылуу болгон. Андан соң өрт башка вагондорго жайылган. Жергиликтүү медиа кабарлагандай, поезд Карачиден Равалпинди шаарына бара жаткан.

- Мен багымдат намазынан кийин уктап жаткан болчумун. Аңгыча эле айрым жүргүнчүлөрдүн «поездде өрт чыкты» деп кыйкырып жатканын уктум. Анан биз поездден секирип кете баштадык. Мен кесиптештеримен айрылып калдым, - деди ооруканага жеткирилген жүргүнчүлөрдүн бири Максуд.

Жергиликтүү телеканалдар көрсөткөн видеолордон вагондордун терезесинен жалын алоолоп чыгып жатканын, айлананы түтүн чулгаганын көрүүгө болот. Пакистандын бийлиги өрткө айрым жүргүнчүлөр вагонго мыйзамсыз алып кирген газ менен иштеген чакан мештер себеп болгонун билдирүүдө.

- Эртең мененки тамакты бышырып жатканда эки меш жарылып кеткен. Айрым жүргүнчүлөр керосин ташып бараткандыктан, анын үстүнө поезд жүрүп баратканы үчүн өрт жайылып кеткен, - деп билдирди Пакистандын темир жол министри Шейх Рашид Ахмед.

Өрт алган поезд, Пенжаб. 31-октябрь, 2019-жыл.
Өрт алган поезд, Пенжаб. 31-октябрь, 2019-жыл.

Министр жүргүнчүлөрдүн көбү «Таблиги жамаат» кыймылынын чоң жыйынына бара жатканын белгиледи.

- Көп адамдар поездден секирип кетебиз деп жатып каза табышты, - деди министр Ахмед.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан бул кырсыктын чоо-жайын тез арада иликтөөнү тапшырды. Өлкөнүн армиясы билдиргендей, окуя болгон жерге аскерлер жана медиктер жөнөтүлдү.

Пакистандын түштүк-батышындагы Карачи менен түндүк чыгышындагы Равалпинди шаарларынын ортосунда күн сайын поезд каттайт. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарын аралап өткөн бул каттамдын аралыгы 25,5 саат.

Пакистандын темир жолдорунун көбү инвестициянын жетишсиздигинен улам жаңыланбай келет. Андыктан өлкөдө темир жол кырсыктары тез-тез болуп турат.

Тилсиз жоо поезддин көпчүлүк вагондоруна жайылып кеткен. 31-октябрь, 2019-жыл.
Тилсиз жоо поезддин көпчүлүк вагондоруна жайылып кеткен. 31-октябрь, 2019-жыл.

Быйыл 11-июлда поезд кырсыгында 11 адам каза тапса, сентябрь айындагы дагы бир кырсык төрт адамдын өмүрүн алган.

2005-жылы Пакистандын Синд провинциясында поезд станцияга барып урунуп, андан 130 киши өлгөн.

2017-жылдын башында Лодхран шаарында жүрүп бараткан поезд жүргүнчүлөрдү алып бараткан эки рикшаны сүзүп кетип, андан жети мектеп окуучусу мерт болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG