Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Пакистан АКШнын тилин табабы?


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши Исламабадда. 5-сентябрь, 2018-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши Исламабадда. 5-сентябрь, 2018-жыл.

АКШга барган Пакистандын тышкы иштер министри ортодогу алаканы чыңдап, Ооганстандагы согушкерлердин кандуу чабуулдары үчүн Исламабадды айыптоону токтотууга үндөдү. Пакистан ооган согушун басыш үчүн “Талибан” кыймылы менен сүйлөшүүнү колдоорун да белгиледи.

3-октябрда Пакистандын башкы дипломаты Шах Мехмуд Куреши Вашингтондо премьер-министр Имран Хандын Ооганстан боюнча стратегиясын түшүндүрдү. Августта Пакистанда өкмөт башына келген мурдагы крикет жылдызы ооган жергесинде тынчтык орнотуу үчүн согуштук аракеттерди эмес, “Талибан” кыймылы жана башка исламчыл согушкерлер менен тил табышууну туура көрөт.

Бир ай мурун Вашингтон Пакистанга берилчү 300 миллион долларды кыскарткан. Быйыл жыл жаңырганда Конгресс Пакистанга 500 миллион доллар бөлүүнү токтотуп койгон. Ак үйдөгү жолугушуулардан кийин Куреши америкалык кызматташы Пакистандын жүйөсүн “угууга ынтызар экендигин” белгилеп, алакалар бекемделип, америкалыктардын жардамы кайра берилет деген үмүт менен кайтып баратканын айтты.

Куреши Вашингтондо жайгашкан Тынчтык институтундагы жолугушууда терроризмге каршы машыгууларды токтотуп, жарак-жабдык берилбей жатканы ""Талибанга” каршы күрөштө Кошмо Шаттарга эмне утуш алып келээрин билбейм" деди.

Министр Куреши өткөн аптада Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөндө терроризм маселесине токтолуп, "Пакистан террорчуларды калкалайт” деген дооматка мындайча жооп берген:

- Пакистан даОоганстандай эле глобалдык саясий күчтөрдүн таасиринен, стратегиялык катачылыктарынан жапа чегип келди. Бирок Ооганстандагы кырдаалды куралдын күчү менен жөнгө салуу мүмкүн эмес экендиги көрүндү. Ошол багытта аракеттенүүгө мезгил жетти. Ооганстанда "Ислам мамлекетинин" таасири артып бараткандыктан, сүйлөшүү жараяны тездеши керек. Пакистан Ооганстанда тынчтык орнотуу жараянына колдоосун уланта берет.

Пакистандын жетекчилиги Вашингтон менен алаканы өз ара ишенимдин жана сыйдын негизинде “кайра калыбына келтирүүнү” бир ай мурун мамлекеттик катчы Майк Помпео Исламабадга барганда да билдирген.

Помпео Пакистандын жаңы бийлиги менен жолукканда эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгы эң башкы маселе экенин белгилеген. ​“Алдыда дагы узак жол, бир топ сүйлөшүүлөр турат. Бирок аскердик алакалар күн тартибинде кала берет" - деген америкалык дипломат.

Быйыл президент Дональд Трамптын администрациясы Пакистанга берилчү аскердик жардамды токтоткон. Исламабад оогандык талибдер жана «Хаккани түйүнү» сыяктуу исламчыл топторго каршы чечкиндүү аракет көрмөйүнчө жардам берилбейт.

Буга чейин Кошмо Штаттар Пакистанга курал-жабдык алууга бөлүнгөн 255 миллион долларды берген эмес.

АКШ менен Пакистандын мамилеси президент Трамп ушул жылдын башында Исламабадды катуу сындаган соң курчуду. Трамп "АКШ Ооганстанда жок кылууга аракет кылып жаткан исламчыл жоочуларга Пакистан өз аймагында түнөк берип жатат" деп Исламабадды айыптаган.

Трамп "Твиттердеги" барагына “соңку 15 жылда алар бизден 33 млрд. доллар алышты, биз болсо алардан калптан башка эч нерсе уккан жокпуз” – деп жазган.

Пакистандын жетекчилиги терроризмге каршы күрөштө ар дайым АКШнын ак ниет өнөктөшү болуп келгенин айтып, мындай дооматты четке кагып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG