Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Пакистанда үч журналист коронавируска чалдыкты


Беткап кийген пакистандыктар. 22-март, 2020-жыл. Гилгит провинциясы.
Беткап кийген пакистандыктар. 22-март, 2020-жыл. Гилгит провинциясы.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан «Чек арасыз кабарчылар» уюму Пакистандагы маалымат каражаттарын убактылуу өз бөлүмдөрүн жаба турууга чакырды. Мындай кадамга уюм эл аралап иштеген үч журналист коронавируска кабылган соң барды.

«COVID-19 вирусу үч журналист тең ооруну иш маалында жугузуп алышы мүмкүн экенин силер четке кага албайсыңар», - деди «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун Азия-Тынч океан бөлүмүнүн жетекчиси Даниэл Бастард. Ал ошондой эле медиа жетекчилерин журналисттерди кооптуу аймактарга жөнөтпөөгө үндөдү.

Үч кабарчы тең Лахор аймагындагы телеканалдарда иштешет. Пакистанда өпкөнү сезгентчү бул илдетке кабылгандардын саны миңге чукулдады. Жети киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG