Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Пакистан: Жабыркагандарга жардам жетишпейт


Гумжардам баарына жетпей жатат. Синд провинциясында тамак кадимкидей талашка түштү, 18-август, 2010
Гумжардам баарына жетпей жатат. Синд провинциясында тамак кадимкидей талашка түштү, 18-август, 2010

Пакистанда он миңдеген айылдар дале суу астында калууда. Нөшөрлөп жааган жамгырдан кийинки селден 20 млн.дой адам зыян тартты. Бириккен улуттар уюму аларга тезинен жиберилиш керек делген 460 млн. долларлык жардамдын азырынча жарымысы гана топтолгонун билдирди.

Гуманитардык жардам тез топтолбой жатканын алар “акча коррупциялык жолдор менен таланып кетиши же талиптердин колуна түшүп калышы мүмкүн экени” менен түшүндүрүп жатышат. Ал арада Улуттар уюму менен жергиликтүү бийликтер тезинен дыйкандарга колдоо көрсөтүлбөсө, быйыл ачарчылык болушу ажеп эмес” дешет.

Пакистандын ички иштер министри Рехман Малик чет өлкөлүк донорлорду “Жардам катары келе турган акчанын бир тыйыны да уурдалбайт, талиптердин колуна өтүп кетпейт” деп ишендиргенге аракет кылды.

Бириккен улуттар уюмунун өкүлү Мауцирио Гильяно тыкыр жөнөтүлүшү керек болгон жардамды топтоо азыр гана ыкчамдай баштаганын айтты. “Донорлор кырсыктын канчалык оор болгонун эми аңдай башташкан окшойт”, - дейт ал.

Жардам тезирээк жеткирилбесе, кырсыктан биринчи кезекте жаш балдар жабыр тартат
Ошол донорлордун бири – Европа Биримдиги. Еврокомиссия, маселен, Пакистанда тез жардам үчүн кошумча 39 млн.доллар жиберээрин шаршембиде жарыялады. Биримдиктин гуманитардык жардам боюнча комиссары Кристина Георгиева 23-августта жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан аймакка жөнөп кетээрин жарыялады.

Ал аймактардын өзүндө абал улам начарлап баратат. Улуттар уюмунун эсебинде, азырынча тамак-аш, таза суу куткарылган адамдардын болгону 700 миңине гана жетүүдө.

Аман калгандардын бири Биби Зайнап аларга азыр жардам өтө зарыл болуп жатканын айтты.

“Балдарыбыз ооруп жатышат. Кудуктагы суу да булганган. Азыр суу каптап кеткен аймак аябай кир. Жашы-карысы дебей, баарыбыз ушул кир сууну ичип жатабыз, - дейт ал. - Кир сууда кандай гана вирус жок. Суранабыз, бизге таза суу бергилечи. Өкмөт бизге жардам бериши керек”.

Токтобой жааган жамгырдын айынан селдин экинчи толкуну каптап, Индус дарыясынын ылдый жагына тарап кетти. Ал аймакта куткаруучулардын иши кыйындаганы айтылууда. Улуттар уюмунан билдиришкендей, селден Швейцария, Австрия жана Белгияны кошкондогу үч өлкөнүн аймагындай жер жабыр тарткан.

Селдин масштабы Австрия, Швейцария жана Белгияны кошкондогу аймакка туура келет
Миграция боюнча эларалык уюмдун регионалдык өкүлү Крис Лом шаршембиде Исламабадда: “Расмий маалыматтарга караганда, 891 миң үй толугу менен же жарым-жартылай бузулду. Бул маалымат ошол үйлөрдүн жарымынан көбү Пунжабда, эң көп жабыр тарткан аймакта, деген ой менен айтылып жатат. Азырынча бул маалыматты тастыктоо оор болуп турат. Анткени селдин агымы улам өзгөрүп жатат жана ал жакка баруу да кыйын. Ошентсе да, азыр бул санды орточо деп карай турган болсок, жок эле дегенде, 446 миң үй-бүлө азыр чатырларга муктаж деп айта алабыз”, - деди.

Өлкөнү табигый кырсык каптагандан бери козголоңчулардын урушу да басаңдай түшкөндөй болду. Бирок айрым жерлерде алар полициянын бекеттерине кол салып жатышканы кабарланууда.

Дарыгерлер болсо азыр суу аркылуу тарап кетчү ооруулардан чочулап жатышат. Эгер анын алдын алуу үчүн ыкчам аракеттер көрүлбөсө, биринчи болуп жаш балдар менен аялдар жабыр тартышы мүмкүн экенин эскертишүүдө. UNICEFдин регионалдык өкүлү Дэниел Тул: “Жабырлануучулардын санын жүз миңдеп эмес, миллиондоп санап калышыбыз ыктымал”, - деди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG