Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Малаланын тилеги: Ар бир кыз билим алсын


Пакистандык өспүрүм активист кыз талиптерден ок жегенден кийин биринчи жолу видеого чыкты. Кыздардын билим алуусу үчүн күрөшүнүн айынан башынан ок жеген Малала эми дал ушул эле максатта эл аралык кор түзүлгөнүн шардана кылды.

4-февралдагы тасмада Малала Юсуфзай айыгып келатканын айтат. Ишемби күнкү жаңы операциядан бир нече күн мурда жаздырылган сөзүндө Малала өз колдоочуларына ыраазычылык бирдирет:

Өзүңүздөр көрүп тургандай мен аманмын, силерди көрүп атам, бардыгын көрүп, кадимкидей сүйлөп калдым. Чоңдордун, балдардын, бардыгыңардын ак тилегиңердин шарапаты менен саламаттыгым күн санап оңолуп келатат.

Малалага Британиянын Бирмингем шаарындагы Ханыша Элизабет атындагы ооруканада эки жолу ийгиликтүү операция жасалды. Операциялардын максаты анын мээ сөөгүн калыбына келтирип, кулагына кереңдерге эсептелинген бионикалык имплантат салуу болду.

Укук коргоочулардын Малаланы колдогон акциясынан бир көрүнүш, 10-декабрь, 2012-жыл
Укук коргоочулардын Малаланы колдогон акциясынан бир көрүнүш, 10-декабрь, 2012-жыл
15 жаштагы Малаланы октябрда Пакистандын алыскы коогалуу Сват өрөөнүндө мектептен келатканда атып кетишкен. Аткандар аны кыздардын билим алуусун жактап, талиптердин Сваттагы 2009-жылдагы зордук-зомбулугу тууралуу блог жазгандыгы үчүн бутага алышкан.

4-февралда Малаланы ал дарыланып жаткан оорукана тарабынан чыгарылган видеодон да көрүү мүмкүн болду. Анда кыз "бир аз басып калдым, сүйлөй алам, өзүмдү жакшыраак сезем" деп айтты.

Аталган оорукананын директору Дейв Россер кабарчыларга Малаланын саламаттыгы туруктуу оңолуп келатканын мындайча билдирди:

– Баары жакшы, Малала ишембиде кайра реанимацияга жатты. Андай деле чоң иш эмес, кандай болот деп карап көрөлү дедик. Мына эми өз бөлмөсүнө кайтты, баары жакшы.

Видеодон сүйлөгөндө Малала ата-энеси менен бирге балдарга билим берүүчү эл аралык Малала корун түзгөнүн да шардана кылды:

– Кудайдын буйругу менен аман калдым. Бул менин экинчи, жаңы жашоом. Ал жашоодо мен элге кызмат кылсам дейм. Ар бир кыз, ар бир бала билим алса деп тилейм. Ошондуктан биз Малала атындагы корду түздүк.

Малала туулуп өскөн Сват өрөөнүндө шарият киргизген талиптердин бийлигин кийин пакистан армиясы кулаткан, бирок талиптер кыздардын билим алышына айрыкча кастарын тигип, өзгөчө ушул багытта иш жүргүзгөндөрдү бутага алууну улантып келатат.

XS
SM
MD
LG