Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Пакистандагы акциялар кан төгүү менен коштолду


Исламабадда "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасына каршы нааразылык акциянын катышуучулары менен полиция кагылышты, Пакистан, 21-сентябрь, 2012-жыл
Исламабадда "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасына каршы нааразылык акциянын катышуучулары менен полиция кагылышты, Пакистан, 21-сентябрь, 2012-жыл

Пакистандын Пешавар шаарында “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына жана Мухаммед пайгамбардын карикатураларына каршы нааразылык акциясы маалында бери дегенде 16 киши өлгөнү кабарланууда. Бүгүн жума намазынан кийин бир катар башка мусулман өлкөлөрүндө да демонстрациялар өтүүдө.

Пакистан бийлиги ушул аптаны Мухаммед пайгамбарга ызаат көрсөтүү күнү деп жарыялап, элди нааразылыгын тынч жол менен билдирүүгө үндөп келди. Ал күнгө арналган конференцияда премьер-министр Ража Первез Ашраф “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасын “фанатизмдин эң жаман мисалы” катары сыпаттады.

- Бул тасманын сөз эркиндигине эч кандай тиешеси жок. Бул – жек көрүүчүлүктүн, көз көрүнө кош стандартуулуктун мисалы. Холокостту тануу кылмыш болсо, ислам ыйык туткан адамдарды каралоону, кемсинтүүнү кылмышка теңөө адилет же мыйзамсыз талап эмеспи? Бул жагынан биз мындай чектен чыккан жорукту айыптап, мусулмандарга кошулган эл аралык коомчулуктун өкүлдөрүнө ыраазыбыз.

Бийлик тынч акцияларга чакырганы менен, бир катар жерлерде кагылышуулар, зордук-зомбулук менен коштолду.

Пешавар шаарында полиция демонстранттарга ок ачып, жергиликтүү телеканалдын айдоочусу каза тапты. Дагы бир жерде нааразы болгон топ кинотеатрлардын бирине өрт коюуга аракеттенгенде кеминде 15 киши жарадар болду.

Шаардын 2 кинотеатры жана Соода палатасынын имараты өрттөлдү. Борбор калаанын четиндеги Раванпилди шаарчасында демонстранттар полицияны таш баранга алып, текшерүү пунктун өрттөп жиберишти.

Ички иштер министрлигинин атын атабаган өкүлү кеминде 15 шаарда мобилдик байланыш убактылуу токтотулганын, ал кайра бүгүн кечинде калыбына келтирилерин айтты. Бийликтегилер согушкерлер толкундоолор учурунда чөнтөк телефондордун жардамы менен бомба жардырышы мүмкүн деп чочулашат.

Ал тапта Пакистандын телеканалдары АКШ президенти Барак Обама жана мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун тасманы айыптаган билдирүүлөрүн улам-улам көрсөтүп жатышат.

Мамлекеттик департамент маалымдаганына караганда, 30 секунддук клип АКШнын Исламабаддагы элчилиги тарабынан даярдалып, аны жергиликтүү 7 каналдан көргөзүүгө 70 миң доллар кеткен.

Анда АКШ өкмөтүнүн тасмага эч кандай тиешеси жоктугу айтылып, зордук-зомбулукту эч нерсе актабайт деген идея камтылган.

АКШда жеке адамдар тарабынан тартылган “Бейкүнөө мусулмандар” деген фильмден улам тутанган нааразылык толкуну 11-сентябрда башталган. Ал күнү Кошмо Штаттардын Бенгазидеги консулдугуна болгон кол салууда америкалык 4 жаран, анын ичинде Ливиядагы элчи Кристофер Стивенс жан таслим болгон.

Тасманын Мухаммед пайгамбарга, жалпы мусулмандарга акарат келтирген мазмунуна ачууланган адамдар бир катар мусулман өлкөлөрүндө антиамерикалык митингдерди өткөрүп келишти.

19-сентябрда Франциянын “Шарли эбдо” деген басылмасы Мухаммед пайгамбарды мазактаган шакаба сүрөттөрдү жарыялап, мусулман дүйнөсүндөгү антибатыштык маанай ого бетер күчөдү. Франциянын Тышкы иштер министрлиги мусулман өлкөлөрүндөгү элчилик, башка дипломатиялык мекемелерин жума күнү жабуу буйругун берди.

Малазиянын борбору Куала-Лумпурдагы демонстрация болсо тынч өттү. Премьер-министр Нажиб Разак фильмди өтө кемсинтүүчү деп атап, аны менен бирге “бардыгыбыз эми жоопкерчиликти сезүүгө, гармонияда жашаш үчүн сабырдуулук, бири-бирибизди урматтоо, түшүнүү маанайын орнотуунун үстүнөн иштөөгө милдеттүбүз” деди.

XS
SM
MD
LG