Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Перл-Харбордо аскердин огунан үч киши курман болду


Перл-Харбор базасы. Гавайи. 4-декабрь, 2019-жыл.

Гавайидеги Перл-Харбор базасында 4-декабрда АКШнын Аскер-деңиз флотунун жоокери аткан октон Коргоо министрлигинин эки кызматкери курман болду. Андан соң ал өз жанын кыйган. Ок аткан адам эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз. Гавайидеги Аскер-деңиз флотун жетектеген адмирал Роберт Чедвик дагы бир адам жарадар болгонун кабарлады.

Аймактын губернатору Дэвид Айдж курман болгондордун жакындарына көңүл айтты. Окуядан кийин база бир нече саатка жабык турду.

Сөз болуп жаткан базада Перл-Харбордо жайгашкан АКШнын Тынч океан флотунун кемелерин жана суу алдында сүзчү кемелери каралып, оңдоп-түздөлөт. Ал жакта 10дой эсминец, суу алдында сүзүүчү 15 кеме бар.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG