АКШ президенти Барак Обама 13-январда мамлекеттик башчы катары соңку жылдык кайрылуусун жасаган кезде бийликте турган жети жыл ичинде карып кеткенин байкашкан. Бул интернетте саясатчылардын бийликте тургандагы келбети боюнча талашка жем таштады. Саясатчылардын архив сүрөттөрүнө карап, бийликте турган кезинде кандай өзгөргөнүнө чогуу сереп салалы.
Бийлик картайткандар
1
Сирия президенти Башар Асаддын 2000-жылдагы (сол жакта) жана 2015-жылкы сүрөтү.
3
Ливиянын мурунку лидери Муаммар Каддафинин1975-жылдагы (сол жакта) жана 2009-жылдагы сүрөтү.
4
Ангела Меркел 2005-жылы Германиянын канцлери болуп шайланганда алгачкы жаңы жылдык куттуктоосун жолдоп жаткан учуру (сол жакта). Оң жакта - Ангела Меркелдин азыркы сүрөтү.
5
АКШ президенти Барак Обама. Сол жакта - 2009-жылдагы фотографиясы, оң жакта - 2016-жылдагы сүрөтү.
7
Кубанын мурунку лидери Фидель Кастронун 1961-жылдагы (сол жакта) жана 2010-жылдагы сүрөттөрү.
8
Түркия лидери Режеп Тайып Ердогандын 2003-жылдагы (сол жакта) жана 2015-жылдагы фотографиялары.
9
Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерондун 2010-жылдагы (сол жакта) жана 2015-жылдагы сүрөттөрү.
10
Улуу Британиянын мурунку премьер-министри Тони Блэрдин 1997-жылдагы (сол жакта) жана 2007-жылдагы сүрөттөрү.
11
Елизавета II ханышанын 1953-жылдагы (сол жакта) жана 2015-жылдагы сүрөттөрү.
12
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин 1991-жылдагы (сол жакта) жана 2015-жылдагы фотографиялары.