Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Тизгини колдон чыгаар Камбар-Ата...


Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушун улантууга насыя алуу үчүн ГЭСтин өзүн күрөөгө коюу зарылдыгын өкмөт билдирүүдө. Парламенттик оппозиция ага каршы чыгууда.

Өкмөттүн мындай кадамына парламентте үстөмдүк кылган “Ак жол” фракциясы, тагыраак айтканда бул фракциянын өкүлдөрү жетекчилик кылган Отун-энергетика жана жер байлыктары комитети да чочуркап мамиле кылып, маселени кароону бир жума кийинки мөөнөткө жылдырып койду. ( 9-октябрда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында айкын болгондой Отун-энергетика жана жер байлыктары боюнча комитет 6-октябрда кечинде жашыруун жыйын куруп, анда ГЭСтер жөнүндөгү мыйзамдын күчүн жоготуусун колдоп берген экен).

Бирок өкмөттүн атынан бул маселе боюнча парламентке келген Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Турсунбек Турдумаматов эртеси күнү, 7-октябрда Социал-демократиялык фракциянын жыйынына аны алып чыгууга жетишти. Бирок ал жерде маселенин олуттуулугу эске алынып, жалпы өкмөттүн позициясын угуу керек деген пикир үстөмдүк кылды.

Өкмөт “Камбар-Ата-1 жана 2 ГЭСтери жөнүндөгү” мыйзамдын күчүн жоготтуруп, бул ГЭСтерди күрөөгө коюу менен насыя алууга
аракет кылууда. Мына ошондой шартта гана Алексей Елисеев жетектеген Өнүктүрүү фонду Камбар-Ата-2 ге 100 миллион доллар насыя берүүгө макул болууда. Белгилүү болгондой бул фондко мамлекет кепилдиги менен Россиядан алынган 300 миллион доллар насыя өткөрүлүп берилген.

“Ак жол” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Табылды Орозалиев Камбар-Ата-2 ГЭСин мамлекет тарабынан түз каржылоо жагын карап көрүш керек деген пикирин билдирди:

-Мына 800 миллиард долларды Америка бөлдү өзүнүн чоң-чоң концерндерине. Россия бөлүп жатат. Мисалы үчүн Автовазды мамлекет колдон чыгарбайбыз деп атат. Ошого карата биз дагы ошондой жолду карап көрүшүбүз керек. Эгерде андай мүмкүнчүлүк болбосо, анда бөлөк жолун издешибиз керек.

Коммунисттик фракциянын лидерлеринин бири Анаш Сейтказиев өкмөттүн сунушуна кескин каршы экенин ачыктады:

- Фракциянын жетекчилиги, фракция толугу менен өкмөт алып келген сунушту колдобойбуз. Биз ал обьекттерге кыргыз элине, мамлекетке тиешелүү болот деген өзгөчө статус бергенбиз. Бүгүнкү күндө башкаларга бериш керек деп жатышат. Мен айтып кетет элем, бул дагы эле жеке кызыкчылыкка байланыштуу нерсе. Бир адамдын кызыкчылыгы үчүн жасалып жактан иш.

Өлкөнүн мурунку вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов Камбар-Ата-2 ГЭСин күрөөгө коюу анын мамлекеттин колунан чыгуусуна алып келерин белгилейт:

- Мурда президент айткан да, Камбар-Ата-2 ни өзүбүздүн бюджеттин акчасы менен курабыз деп. Жарымын куруп бүттү десек
болот. Калган 100 миллион долларды бюджеттен тапсак болот да. Ал эми 300 миллион доллар насыяны аларга колдонбой, аны башка инвестициялык башка жаңы долбоорлорго колдонушубуз керек эле. Тилекке каршы, анын бардыгын өкмөт өзү башкарбай, Алексей Елисеев башкарып жатат.

Өкмөт жакын арада “Камбар-Ата ГЭСтери жөнүндөгү” мыйзамдын күчүн жоготуу маселесин кайрадан парламенттин күн тартибине алып чыгары турган иш. Мындай шартта президенттин шайлоо алдындагы сөздөрү куру сөзбү дейт Анаш Сейтказиев:

- Эми негизи биринчи агрегат бүтө турган нерсе. Президент өзү мына өзүбүздүн улуттук долбоорубуз болуп жатат деп, телекөрсөтүүдө, башка жерлерде айтып жатпады беле. Же ал шайлоонун алдында элдин башын айланткандык деп түшүнсөк болобу? Ошондуктан “а” деп айткандан кийин “б” дегенин айтып, аягына чейин бүтүрүш керек.

Эксперттер жана депутаттар ошентип, мамлекет өзү кепилдикке алып келген насыяны улуттук долбоорго түздөн-түз жумшабай, эмне үчүн менчик Өнүктүрүү фондун ортого кыпчыш керек деген суроону коюшууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG