Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Убактылуу өкмөттүн алдындагы төрт милдет


Убактылуу өкмөт өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлүнө алууда.Ири мамлекеттер иш жүзүндө жаңы бийликти таануу жолуна түшүштү.

Убактылуу өкмөттүн алдында төрт ири маселе турат. Анын биринчиси, өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу, экинчиси, социалдык милденттенмелерди, тагыраак айтканда, айлык акы пенсияларды төлөө, үчүнчүсү, Убактылуу өкмөттүн өзүнүн ичинде ынтымакты сактоо жана эң соңкусу, мүмкүн эң башкыларынын бири, кошуна мамлекеттер менен, өзгөчө Россия жана АКШ менен мамиленин оптималдуу вариантын табуу.

Коопсуздукту камсыздоо үчүн биринчи кезекте Курманбек Бакиевдин маселесин чечүү зарыл. Бул багытта Убактылуу өкмөт кылдаттык менен аракеттенип, кан төгүүгө жол бербөө жолунда баратат. Убактылуу өкмөттө коопсуздук жана коргонуу жагын жетектеп турган Исмаил Исаков Курманбек Бакиевдин жан-жөкөрлөрүн кармоо боюнча операция башталганын билдирди:

- Бакиевдин тегерегинде жүргөндөргө кылмыш иши козголуп, кармалсын деген прокурордун санкциясы бар. Мына ошонун негизинде
атайын күчтөргө аларды эч нерседен токтонбой кармоо буйругу берилди,
деген Исмаил Исаков Курманбек Бакиевдин өзү да сот жообуна тартылыш керектигин кошумчалады.

14-апрелде Курманбек Бакиев орус өкмөт башчысы Владимир Путинге телефон чалып сүйлөшкөн. Буга чейин Бакиев Убактылуу өкмөттөн өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун сурап жатканына караганда, орус өкмөт башчысынан саясий баш паанек сурашы ыктымал.

Талдоочулар баамында, Курманбек Бакиев 15-апрелде Оштогу митингиде олуттуу жеңилишке учурады. Ошондуктан ал жакын арада өлкөдөн чыгып кетет деген каңшаар күчөдү.

Убактылуу өкмөттүн чече турган экинчи маселеге токтоло турган болсок, финансы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев пенсияларды төлөө үчүн каражат бар экендигин, бирок күйүүчү май менен камсыздоо жагы татаал бойдон калганын белгиледи:

- Бизде товарларды чек арадан өткөрүүдө кыйынчылыктар чыгууда. Күйүүчү май менен камсыздоо жагында да жеңил эмес. Биз муну жашырбайбыз. “Газпром” Казакстандан 5 миң тонна күйүүчү май алып келет, ал эми Россия 20 миң тоннадай бөлөт. Алгачкы учурларда маселени чечүүгө бул жетишет деп ойлойбуз.

Күйүүчү май маселесин Алмазбек Атамбаев 14-апрелде Москвада орус өкмөтүнүн мүчөлөрү менен талкуулаган. Орус тарап 20 млн. доллар гуманитардык жардам жана 30 млн. доллар насыя берүүгө макулдугун берген.

Бирок 1-апрелден тарта Кыргызстанга багытталган күйүүчү майга Россия тарабынан киргизилген кошумча бажы төлөмүнүн алынып салынганы жөнүндө маалымат жок. Бул маселе чечилбесе, Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттап, экономикалык, социалдык жагдай оорлошу ыктымал.

Кыргызстандын тышкы саясатындагы эң талылуу жана тагдыр чечүүчү маселе бул Россия жана АКШ менен байланышта тең салмактуулукту табуу.

Убактылуу өкмөттүн лидерлери 7-апрелге чейинки аракеттеринде Москвадан колдоо алып, Вашингтонго нааразылыгын жашырган эмес. Бирок ага карабай АКШ баш болгон Батыш менен мамилени сактоону көздөгөн лидерлер бар.

Дал ошол себептен Убактылуу өкмөт менен Москванын ортосунда толук түшүнүшүү орной элек, деп эсептейт жергиликтүү талдоочулар.















  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG