Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

И.Исаков: Түштүк түзөлдү, бирок маселе арбын...


Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков
Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков

Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков 13-14-майдагы окуялар, конституциялык реформа боюнча “Азаттыкка” маек курду.


Ошто кырдаал жөнгөрүлүп, элдин биримдиги сакталды

Азаттык”: - Исмаил мырза, 13-14-майда түштүк жергесинде опурталдуу окуялар болуп кетти. Убактылуу өкмөттүн атайын өкүлү катары ошол маселелерди чечүүгө барып келдиңиз. Ошол маселелерди чечүүдө жүрөгүңүзгө тийген, көзүңүзгө урунган нерсе эмне болду? Бийликтин аракетинде катачылыктар бар бекен?

И. Исаков: - Чындыгында биз өзүбүз да нааразычылыктарга негиз берип коюп жатабыз. Ошол жердеги айрым жетекчилерди көпчүлүк кабыл албай, алардын өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына тарткан иштери элге жакпай жатат. Мына ушул көрүнүштөрдөн, кемчиликтерден пайдаланып жаткандар бар.

Жогоруда айтылган кемчиликтерди атайын бетке кармашкан менен өткөн күндөрдөгү окуялардын себеби башка. Анын себеби Бакиевдин системасына көнүп алгандар ошонун бийлигин кайтарып келебиз деп, алардын тапкан арам акчалары уктатпай жатышында.

Мына ушундай себептердин баары чогулуп, 13-14-майдагы окуялар чыкты.

Ага кошумча атайын уюштуруучулар пайда болду. “Мейли Бакиевдер келбей эле койсун, бирок Убактылуу өкмөт иштей албай калды” деп, башка күчтөр пайдаланып калууга аракеттенди.

Бул жерде башка өлкөлөрдүн салымдары дагы бар. Бүгүн жүрүп жаткан тергөөлөр учук сыртка кетип жатканын айкындоодо. Мен кайсы өлкөлөр экенин айтпай эле коеюн.

“Азаттык”: - Кырдаалды жөнгөрүүдө кандай жыйынтыкка келдиңиз? Өлкөнүн, региондун тартип коргоо органдарынын ишинде кандай кемчиликтерди байкадыңыз? Буларды калыбына келтирүү, кадимкидей иштетүү үчүн кандай чара көрдүңүз жана дагы көрүлүш керек?

И. Исаков: - Чындыгында Бакиев түзгөн система чирип, жетер жерине жетип калган экен. Ал кандай система? Ал адилетсиздик. Ал кызматын өз кызыкчылыгы үчүн акча табууга пайдалануу. Ал орчундуу мамлекеттик кызматтарда коюлгандардын бир тараптуу иштөөсүнө шарт түзүү, албетте мамлекет кызыкчылыгы үчүн эмес. Анан криминалдар менен биздин тартип коргоо органдарынын аралашып кеткени. Эң негизги проблемалардын бири - ушул криминалдын аралашуусу.

Андан сырткары маанилүү кызматтарда отургандар ичинде ким менен болушун билбегендер бар. Аларга мурунку кожоюндары телефон аркылуу буйрук берип, биз айткандай болбосоңор башкача болот деп коркутууда. Ортодо акча алып, берилген. Көп акча алынган. Ошого жараша жумушка коюлган. Эми ошол кызматка койгонубузду актап бересиңер деп жатышат. Ошондуктан айрымдар мурунку бийликтегилер тарапка ыктап жатат.

Убактылуу бийликтин каалоосуна жараша баарын кызматтан алганга да шарт жок. Кызматтан алынгандар болсо акча менен, аз болсо дагы жактоочуларын көтөрүп чыгып жатышат. Биз азыр ушундай реалдуулуктарга тушугуп, алардын каршылыгына, саботажына каршы иштеп жатабыз.

Бирок менин түштүккө барышым ийгиликтүү болду. Биз элдин биримдигин бузууга жол бербедик. Бул өтө чоң жетишкендик. Каршылашкандардын тыягы дагы, быягы дагы, облус калкы дагы сый менен мамиле жасашып, миссияны аткарууга мүмкүнчүлүк болду.

Бүгүнкү күнү кээ бирөөлөр Исаков кеч келип калды деген сөздөрдү айтып жатышыптыр.

Биринчиден, Исаков кеч баргыдай өкмөт башчы эмес. Экинчиден, ошол жердеги абалга жооп бере турган губернатор же башка жергиликтүү жетекчи эмес элем. Биздин Коргоо министрликтин функциясы башка. Бирок качан гана мага өкмөттүн жыйынында ошол жакты жетектөө ыйгарым-укуктар берилгенде, учактардын конушуна мүмкүнчүлүк берилбегенине карабай, тик учак менен барып, жүктөлгөн милдетти аткардык. Баарын ордуна келтирдик. Эми эмне кылыш керек? Биз аны азыртан эле жасап жатабыз деп ойлоймун.

"Мыйзамдуулуктун диктатурасы орношу керек"

“Азаттык”:- Исмаил мырза, эл ичинде мындай күтүү, суроо-талап дагы бар да. Качанга чейин куралдуу адамдар Кыргызстандын көчөлөрүндө жүрөт деген?

И. Исаков:- Бул суроо чындыгында ар бирибиздин жүрөгүбүздө турган өтө көйгөйлүү маселелерден. Бакиев курган система, алардын
кадр, кылмышкерлерге таянган саясаты бүгүнкү күнү ушундай абалга алып келди. Муну бир күндө, эки күндө тазалай албайбыз. Коменданттык саат, өзгөчө кырдаал киргизсең да андан натыйжа болбойт.

Биз азыр элдин көпчүлүгүн ушу бийликтин тазалыгына ишендиришибиз керек. Ал үчүн өзүбүз таза иштеп, таза аракеттенип, элдин турмушун оңдой турган програмаларды ишке ашыруубуз керек.

Экинчиден, тартип коргоо органдарынын курамын карап көрүшүбүз керек. Аларды тазалаш керек деген туура болбой калышы мүмкүн. Анткени алардын арасында Кыргызстандын абдан берилген патриоттору бар. Мына ошол патриотторду таап, мына ошолорго таянышыбыз керек.

Үчүнчү, тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акысы өтө төмөн. Эмне үчүн алар коррупцияга аралашып, терс жолдорго түшүп кетип жатышат? Бул экономикага байланыштуу болуп жатпайбы. Милициянын капитаны, кечээ Ошко барганда сурап көрдүм, беш миң сом алат экен. Анын үч-төрт баласы болот. Айлыгын бөлүп келгенде ар бирине миң сомдон тийип калууда. Бул эмнеге жетет?

Мына ошондуктан алардын айлык акысын көтөрүү жагын карап көрүшүбүз керек. Жок дегенде 15-20 миң сомго чыгарсак, талап кылганга дагы жакшы болот. Буйруса, биз ошого чыгарабыз. Мына өкмөттүн жыйынында каралып, жакынкы айлардан тарта айлык акыны 50% көтөрүлөт деген чечим кабыл алынган.

Дагы бир орчундуу маселе, бул аларды ар дайым окутуп туруу маселеси. Аларды окуткан, мыйзамдарды үйрөткөн эч ким болбой жатат.

Төртүнчүдөн, кадрлар ротация болуп турууга тийиш. Бул нерсе токтоп калыптыр. Бизде аскерде эмнеге тартип кармалып турат? Себеби бизде ротация, кызматтан көтөрүлүш ирети сакталып турат. Тазалык бар. Үч-төрт жылдан кийин алмашат. Өсөт. Окууга жөнөтөбүз. Андан келгенден кийин сөзсүз көтөрүлөт. Маселен, академияны бүтүп келгенден кийин ал мурунку кызматынан көтөрүлөт. Милицияда андай жок экен да. Академияны бүтөсүңбү, башканы бүтөсүңбү ага карабайт экен. Башка жол менен кетишет экен. Ошондуктан алардын ичинде нааразылар көп болууда.

Албетте, биз мыйзамдуулуктун диктатурасын орнотушубуз керек. Сот болобу, прокурор болобу, жетекчи, карапайым эл, ким болбосун ар бирибиз мыйзамды так аткарып, ошонун негизинде жүрсөк, мыйзам бардыгына тең иштесе анан гана адилет коомду кура алабыз. Ошондо тартип да, тазалык да, өнүгүү да болот.

Конституциянын альтернативдүү долбоору Убактылуу өкмөткө сунушталат

“Азаттык”: - Исмаил мырза, сиз Конституция боюнча өзүңүздүн пикириңиз менен чыктыңыз. Жакында эле өзүңүздүн долбоорду Конституциялык кеңешмеге тапшырдыңыз. Ал долбоор азыр кеңешмеде даярдалып жаткан долбоордон эмнеси менен айырмаланат?

И. Исаков: - Биздин долбоордо президенттик башкаруу каралган. Экинчиден, биздин долбоор боюнча мамлеккеттик аппараттар аз болот. Убактылуу өкмөт алып чыккан долбоорду мен деле колдогонмун, бирок өзүмдүн пикиримде кала бергенмин. Убактылуу өкмөт
даярдаган долбоордо үч аппарат болот. Азбы-көппү президенттин да, өкмөттүн да, Жогорку Кеңештин да аппараты болот. Менин долбоорум боюнча эки эле аппарат болот.

Үчүнчү айырма, президент түздөн-түз жоопкерчиликти алат. Ал мамлекеттин башчысы да, өкмөттүн башчысы да болуп, жоопкерчиликти алат. Мындай бизде эч качан болгон эмес. Өкмөттүн башчысы болгондон кийин экономикалык, социалдык маселер президенттин мойнуна жүктөлөт. Ал жооп берет мына ошолорго. Андан башка айырмасы президент менен Жогорку Кеңеш тең болуп калат. Президент парламентти тарката албайт.

Андан башка артыкчылыгы бардык каржы маселеси Жогорку Кеңешке берилет. Президент каржыны Жогорку Кеңештен сурап алат.

Ошол эле мезгилде президент өзүнүн экономикалык программаларын аткаруусуна мүмкүнчүлүк бериш үчүн дагы атайын механизмдер киргизилген.

Президентке импичмент жарыялоо жагы да жеңилдетилген. Ага бир депутат дагы күнөө коюп, импичмент маселесин көтөрө алат. Бирок популисттик аракеттерге каршы механизмдер да бар.

Сот системасын түзүүдө да өзгөчөлүк бар. Анда соттордун көз карандысыз болушунун механизмдери так белгиленген.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигин түзүүдө да өзгөчөлүк бар. Биз район, облустардын ордуна аймакты түзүп, бийликтин бир тепкичин алып салууну караганбыз.

Биз аймак жетекчилерин, айыл өкмөт башчыларын эл түздөн-түз шайлоосун жактайбыз. Бирок бул жерде коркунучтар болушу мүмкүн дешүүдө. Андай тобокелчиликтерге жараша мыйзам менен тийиштүү механизмдер киргизилет.

Тил, дин боюнча маселе жакшы каралган. Дин эркиндиги үчүн кеңири мүмкүнчүлүк берилген. Ал эми тил жагынан болсо, мамлекеттик тилди билүү жагы каралган. Анткени мамлекеттик тилди билбеген адам эл менен кантип иштейт? Башка өлкөлөргө барсаң ал жердин, элдин тилин билбеген, жаза албаган киши жетекчи болуп иштей албайт.

Жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо менен президенттин ыйгарым-укуктары, таасири чектелет. Мүмкүн алгачкы шайлоолордо кемчиликтер кетер. Бирок көч бара-бара түзөлөт. Элди дагы шайлоого үйрөтүшүбүз керек. Эң негизгиси биздин долбоордо бир адамга, президентке оперативдүү түрдө маселелерди чечкенге мүмкүнчүлүк берилет.

“Азаттык”: - Бул долбоордун келечеги кандай болот? Убактылуу өкмөттө каралабы, аны референдумга алып чыгуу маселеси көтөрүлөбү?

И. Исаков:- Эми мен азыр андай болот, мындай болот деп айтууга мүмкүнчүлүгүм жок. Анткени түштүктөн келгенден бери бүгүн биринчи жумуш күн болду. Өкмөттүн жыйыны боло элек. Бүгүн кечке жуук өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнүн катышуусу менен жыйын өткөрөбүз. Бирок Конституциянын долбоорун талкуулай турган убакыт келет бизге. Мына ошондо коюуга аракет кылабыз. Анан кандай чечим кабыл алабыз, аны элге жарыя кылабыз.

“Азаттык”: - Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG