Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Азырынча Конституция эмес, “Ханституция”...


Президент К. Бакиев башкаруу системасын реформалоо боюнча сөз сүйлөөдө. Бишкек, Өкмөт үйү, 20-октябрь.
Президент К. Бакиев башкаруу системасын реформалоо боюнча сөз сүйлөөдө. Бишкек, Өкмөт үйү, 20-октябрь.

Президент баштаган реформанын жүрүшүндө Конституцияда каралган айрым органдар жоюлуп, каралбаган жаңы структуралар түзүлдү. Бирок ушул кезге чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүү аракети байкала элек.

20-октябрдан бери жүрүп жаткан башкаруу системасын реформалоо Конституцияга өзгөртүү жана кошумчаларды киргизүүнү талап кылат. Муну бийлик тарап да белгилеп, жалпысынан 60-70тей мыйзамга өзгөртүү жана кошумчалар киргизилерин билдирген.

Бирок азыркы мезгилде бийлик бардык өзгөрүүлөрдү жасап, андан кийин Конституцияга өзгөртүү киргизебиз деген саясатты улантып келатат. Бийликтин мына ушундай позициясын Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин мүчөсү Ажибай Калмаматов билдирген.

Азыркы кезге чейин Конституцияны өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам долбоорлор парламентке келип түшө элек. Бул тууралуу
Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев билдирди:

- Азырынча менин колума тийе элек. Эмне болуп атат мен түшүнбөй турам. Менин оюмча, биринчи кезекте ушуну алып келиш керек болчу. Жок дегенде мыйзамдардын пакетин алып келиш керек эле да.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдырасаков мыйзам долбоорлор ноябрь айында келип түшөрү күтүлүп жатканын ачыктады:

- Азыркы күнү өкмөт ушунун үстүнөн иштеп жатат. Жаңы эле түзүлдү, иштеп атышат. Күнү-түнү мыйзам жазылууда. Ошонун баары шайкеш келтирүү аракети. Менин оюмча, ноябрдын аягына чейин баары ордуна келип, шайкеш келтирилет.

2007-жылы 21-октябрда жалпы элдик референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык Президент Мамлекеттик катчыны, Президенттик администрациянын башчысын, Коопсуздук кеңештин катчысын дайындаш керек. Бирок Конституцияга өзгөртүү киргизүүдөн мурун бул органдар иш жүзүндө жоюлуп кетти.

"Кут" партиясынын лидери Болот Жанузаков Конституциянын бул талаптарынын аткарылбашы аны түздөн-түз бузуу экенин билдирди:

- Бул түздөн-түз бузуу. Бүгүнкү реформа деп көтөрүлүп жаткан маселелердин бардыгын жакшылап карап чыксаңыз, ойлойсуз, биринин шапкесин алып, экинчисине кийгизип, экинчисинин тебетейин, шапкесин, топусун үчөөн алып барып, дагы бирөөнө кийгизип, чынында эле функцияларды биринен-бирине алмаштыруу болуп калбадыбы.

Азыркы мезгилде Президенттик администрациянын ордуна Президенттик институттун курамына кирген Президенттик аппарат, Президенттик катчылык, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик иштеп жатат. Ал эми Коопсуздук кеңештин катчысынын ролун Коопсуздук жана коргонуу боюнча мамлекеттик кеңешчи аткарыш керек эле. Бирок ал кызматка эч ким дайындала элек.

Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев бул жерде юристтер үчүн татаал жагдай түзүлгөнүн айтат:

- Бул кызматтар мамлекеттик кызмат. Бирок мамлекеттик структурада мындай чечкиндүү же мамлекетке таасир бере турган кызматтар эмес да. Муну кандай деп айтса... юристтерде кээде ушундай кырдаал түзүлөт: бир караганда бузулган, а чынында ал принципиалдуу эмес, - деген Исхак Масалиев кандай болгон күндө да бийлик Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүүлөрдү тезирээк ишке ашырыш керектигин белгиледи.

Ага чейин Кыргызстан Конституция эмес, оппозиция айтып сындап келаткандай “Ханституция” менен жашап турат окшойт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG