Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:37

Помпео «каарман аялга» кол салууну айыптады


АКШнын мамкатчысы Майк Помпео жана АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп Зарифа Гафариге сыйлык тапшырып жатышат. 4-март, 2020-жыл. Вашингтон.
АКШнын мамкатчысы Майк Помпео жана АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп Зарифа Гафариге сыйлык тапшырып жатышат. 4-март, 2020-жыл. Вашингтон.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео оогандык саясатчы аял, Майдан Шар калаасынын мэри Зарифа Гафариге кол салууну айыптады.

«Ооганстандын келечеги аялардарды коркутункандардын эмес, тынчтык менен саясий чечимдерди издегендерден көз каранды» экенин Помпео «Твиттерге» жазды.

22-мартта белгисиз согушкерлер Зарифа Гафаринин автоунаасын аткылашкан.

Ага 4-мартта Вашингтондо Мамлекеттик департаменттин эл аралык «Каарман аял» абройлуу сыйлыгы ыйгарылган. Бир кезде аялдар маселесин талкуулаган радионун журналист Гафари Майдан Шар калаасынын мэри болуп эки жыл мурда 26 жашында шайланган. Ар кандай коркутууга карабай ал көйгөйлүү чакан шаарды башкарып келет.

XS
SM
MD
LG