Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:46

Президенттин Оштогу өкүлү, орун басары менен кошо Кара-Суунун акими да иштен кетти


Ош облустук администрациясындагы жыйын. 14-апрель, 2023-жыл.
Ош облустук администрациясындагы жыйын. 14-апрель, 2023-жыл.

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов менен анын орун басары Данияр Жаныкулов экөө тең кызматтарынан алынышты.

Алар менен кошо Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев да кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде облустук администрациянын кызматкерлери менен чогулуш өткөрүп жатып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Буга чейин президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун жакындары айыл чарба багытындагы жерлерди менчиктештирип алганы тууралуу маалыматтар жана "өкүлдүн үнү" деген телефондогу сүйлөшүү соцтармактарга тараган.

Көп өтпөй, 13-апрелде өкүлдүн биринчи орун басары Данияр Жаныкуловго түспөлдөш адамдын иш бөлмөсүндө конверт алганы жана акча санап жатканы тартылган тасма соцтармактарга тараган.

Данияр Жаныкулов "Азаттыкка" бул тасманын артында өкүл Жамалдинов жана анын жакындары турат деп, социалдык тармакка тараган видеону уюштурган деп күнөөлөгөн. Анын сөзүнө караганда облустук акимчиликтеги IT адиси Нургазы Жамалдинов өкүлдүн жакын тууганы.

Видео ким тарабынан тартылганы жана таратылганы белгисиз. Укук коргоо органдары бул тууралуу комментарий бере элек. Данияр Жаныкулов милиция же атайын кызматтын өкүлдөрү өзүн суракка алды деген маалыматтарды четке какты.

Ал биринчи орун басарлык кызматка 2022-жылдын августунда дайындалган.

Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп 2021-жылы июлда дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон.

42 жаштагы Данияр Жаныкулов бул кызматка чейин Таластагы Жерүй кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеген. Ага чейин ЭлТР, КТРК каналдарында иштеген.

Март айында жергиликтүү маалымат каражаттары президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов кызматтан кетип, ордуна Данияр Жаныкулов дайындалышы мүмкүн экенин жазып чыгышкан.(DSh/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG