Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Канзааданын Казакстанга саякаты сынга кабылды


Британ принци Гарри, Лондон, Англия, 05.06.2012.
Британ принци Гарри, Лондон, Англия, 05.06.2012.

Британ ханышасы Елизаветта II небереси – канзаада Гарри элден алыс чаңгы тепкени Казакстанга барды. Бирок өз мекенинен беш миң чакырым алыстагы өлкөгө эс алууга барган канзаада британ укук коргоочуларынын катуу сынына кабылды. Анын саякатын Казакстандын президентине жакын адам каржылаганы жөнүндө сөз тарады

Британ падышасынын үй-бүлөсү канзаада Гарринин айынан кайрадан сынга кабылды. Маркум канайым Диана жана канзаада Чарльстын экинчи уулун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге жакын адам чаңгы тепкени чакырып, бүт чыгымдарын өз мойнуна алган.

Отузга чыга элек канзаада Гарри жана анын сүйлөшкөн кызы Крессида Бонас Казакстанга төрт күнгө барган. Ал жакта тик учактан бутуна лыжа байлап секирип, тамактын эң даамдуусун татып, көрпө төшөктөр салынган, кычыраган аязда жамынып отурган даяр тондору бар жерлерде отурушту.

Лондондо жарык көргөн Daily Mail гезити бул саякатты таасирдүү түрк саясатчысы Онур Оймендин уулу жана турак жай куруучу Бурак Оймен каржылаганын жазып чыкты. Бурак Оймен өнөктөшү Сержан Жумашов менен Казакстанда люкс классындагы бир нече турак жайларды курган. Экөө тең казак президентине жакын кишилер экендиги айтылып жүрөт.

Ал ортодо Букингем хан сарайы Гарринин Казакстанга барышы – "жеке саякат" болгонун билдирди. Ал эми Эл аралык мунапыс уюму канзааданын саякатын сындап, канышанын небереси адам укуктары одоно бузулган өлкөгө эмне үчүн барды деп айыптады.

- Гарри аны менен бирге тоодон лыжа теппеген карапайым адамдар жөнүндө бир ойлоп койсо ашык болбос эле. Казакстан – репрессивдүү, катаал жазалоолор жана кыйноолор орун алган өлкө. Ал – саясий оппозицияны басмырлаган өлкө, – деп кошумчалады Хогарт.

Буга чейин дагы британ падышасынын үй-бүлөсү Казакстан менен байланышы үчүн сынга кабылган. Гарринин атасы Чарльстын агасы канзаада Эндрю 2010-жылы шаардын сыртындагы үйүн президент Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевге сатканы көптүн кыжырын келтирген.

Канзаада Эндрюнун Саниңхилл Парктагы чоң үйү 22.5 миллион долларга бааланган эле. Бирок Кулибаев баштапкы баага алты миллион доллар кошуп сатып алганы – бул кандайдыр бир кызмат көрсөтүү катары бааланган. Учурда ал үй дале аңгырап бош турат.

Андан сырткары, канзаада Эндрюнун белгилүү казак айымы Гога Ашкенази менен түшкөн бир нече сүрөттөрү жарыяланган. Англияда жашаган Ашкенази Кулибаевдин көңүлдөшү жана андан эки баласы бар деп айтылып жүрөт. Балким Гога Ашкенази канзаада Эндрюну сүйөөрүн айтпаганда, президент Назарбаевдин экинчи кызы Динаранын күйөөсүнүн бул жоруктары эч качан ачыкка чыкмак эмес.

Казак элитасына британдардын падышалык үй-бүлөсү гана жакын эмес. Британиянын жогорку даражадагы саясатчылары дагы казак бийликтери менен жылуу мамиледе. Мурдагы премьер-министр Тони Блэр президент Назарбаевдин атайын кеңешчиси болгону үчүн 13 миллион доллар алган. Убагында укук коргоочулар экс-премьерди дагы катуу айыптаган.

Адам укуктары боюнча эл аралык уюм Казакстанда сөз эркиндигин басмырлоо, тынч жыйналыштарга тыюу салуу, саясий куугунтуктар жана күч түзүмдөрү тарабынан зордук-зомбулук дале бар деген билдирүүсүн 2014-жылкы баяндамасында жарыялаган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG