Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Сталиндик режимди сындаган китеп «сандыкка» катылды


Россияда чыкпай калган китептин автору- британ тарыхчысы Орландо Фигес
Россияда чыкпай калган китептин автору- британ тарыхчысы Орландо Фигес

Сталиндик бийликтин польшалык 20 миң офицерди кырганын ашкерелеген режиссер Андрей Вайданын «Катын» деген тасмасы Россияда сатып алынса дагы көрсөтүлгөн жок. Ошондой эле тагдырга британ тарыхчысы Орландо Фигестин «Күбүр-шыбырлар: Сталиндик Россиядагы жеке турмуш» деген эмгеги да туш болду.


«Күбүр-шыбырлар: Сталиндик Россиядагы жеке турмуш» деген китепте сталиндик диктатуранын советтик адамдарга тийгизген психологиялык таасири эл арасында айтылган сөздөргө таянып изилденет. Ал доор тууралуу жашы сексен таяп калган бир аял: ”Биз кичинебизден тилибизди тыйып үйрөндүк. Өмүр бою оозубузду жаап жашадык. Апам ар бир адам бакан ооз деп айткан. Биз коңшуларыбыздан, айрыкча, милициядан коркчубуз,”- дейт Орландо Фигестин китебинде.

«Күбүр-шыбырларды» Россиянын ”Аттикус” басма үйү сатып алган болчу. Бирок ушу аптада ”Аттикус” экономикалык себептен улам китепти чыгарбай турганын билдирди. Фигес анын китеби ырасмий Кремлдин Сталинди актоо аракетине байланыштуу чыкпай калды деп боолгойт: ”Экономикалык жүйөдөн башка да Россияда сталиндик мезгилди бир кыйла оң өңүттөн көрсөтүү өнөктүгү жүрүп жаткандыктан, азыр ”Күбүр-шыбырларды” басчу мезгил эмес деп шектенем.”

Басма үйүнүн баш директору Аркадий Витрук «Азаттыкка» берген интервьюда, Фигестин китебин баспа деген кысым болбогонун айтты:”Мага эч ким телефон чалып, тиги же бу китепти баспа деп эч качан айткан эмес. Биз бардык чачимдерди китептин кирешелүүлүгүнө жана ширкетибиздин өзгөчөлүгүнө таянып кабыл алабыз.”

”Аттикустун” эгеси- кудуреттүү банкир Александр Мамут Россиянын 1-вице-премьери Игорь Шуваловго жакын адам эсептелгендиктен, анын Кремлдин саясый ыкласын жакшы сезери талашсыз.

Польшалык кинорежиссер Андрей Вайданын «Катын» деген тасмасы да 2007-жылдан бери Россияда көрсөтүлө элек. Москвалык продюссер Аркадий Цимблердин айтышынча, ”Катынды” көрсөтүүгө кинотеатрлардын ээлери каршы чыгышкан. Вайданын фильми II Дүйнөлүк согуш алдында советтик коопсуздук кызматы тарабынан жок кылынган 20 миңдей поляк офицерлеринин тагдырына арналган. Узак жылдар бою совет, ошондой эле Россия өкмөтү кыргынды танып келген. Россиянын аскерий прокурору болсо беш жыл мурда канбайрамды тергөөнү токтотуп, ага өз баасын берүүдөн баш тартып койгон.

Москвада чыкчу «Искусство кино» журналынын баш редактору Даниил Дондурей «Катындын» көрсөтүлбөй калуусун кинопрокатчылардын өзүн өзү цензуралоосу болушу ыктымал деп жоромолдойт. Ал эми «Күбүр-шыбырлар: Сталиндин Россиядагы жеке турмуш» китебинин басылбай калышын Дондурей Россиядагы бүгүнкү климаттын күзгүсү деп мүнөздөйт:”Менин оюмча, эч бир россиялык режиссерду же продюсерди эч ким коркутпайт. Эмне кыларын алар өздөрү билишет.”

Дондурейдин бул сөзү өнөр адамдары бийликтен сактанган путиндик Россияда ”Катын” сыяктуу фильмге же Британ тарыхчысы Орландо Фигестин”Күбүр-шыбырлар: Сталиндин Россиядагы жеке турмуш” деген китебине орун жок экенин күбөлөйт. Себеби, тогуз жыл мурда Путин бийликке келгенден тарта Россияда Сталинди кеменгер жетекчи катары көрсөтүү аракети жүрүүдө. Буга катар эле өлкөнү даңктаган окуяларды даңазалоого, элдин өз тарыхы менен сыймыктануусуна өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

XS
SM
MD
LG