Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

"Сулайман-Тоонун" режиссеру абактагы кесиптештерин колдоду


Елизавета Стишова.
Елизавета Стишова.

Карловы Вары кинофестивалинин лауреаты, "Сулайман-Тоо" тасмасынын режиссеру Елизавета Стишова 15 миң доллардай байгесин камактагы кесиптештери Олег Сенцов менен Кирилл Серебренниковдун жакындарына бергени жатат. Режиссер буга чейин да Кыргызстанда тарткан кыска метраждуу фильм бир катар фестивалдарда мыкты деп табылган.

Өткөн аптанын соңунда Чехиянын Карловы Вары шаарында аяктаган эл аралык 53-фестивалда Елизавета Стишова кыргызстандык киностудия менен кошо тарткан фильм "Чыгыштан-Батышка" конкурсунда мыкты деп табылган.

Жабылыш аземинде Стишова үй камагында отурган Кирилл Серебренников менен 20 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Олег Сенцовго колдоосун билдирди. Режиссер жаңы фильмди тартыш үчүн алган карыздарынан кутула элек болсо да, сыйлыкты кесиптештеринин ата-энелерине берерин айтты.

Карловы Варыдагы кинофестивалдан көрүнүш.
Карловы Варыдагы кинофестивалдан көрүнүш.

Серебренников бир жылга жакын убакыттан бери үй камагында отурат. Режиссер жана ал жетектеген студиянын мурдагы кызматкерлери 133 миллион рублди кымырып алган деп күнөөлөнүүдө. Айыптарды четке каккан режиссерду бир катар театр чеберлери жана коомдук ишмерлер коргоп чыгышты. Алардын айрымдары бул ишти куугунтук катары мүнөздөп жатышат.

Украиналык режиссер Сенцов болсо Орусиянын сотунун чечими менен 2015-жылдын августунда 20 жылга кесилген. Ал "Крымда теракт уюштурууну пландаган" деген айыптоону четке кагып, майдын ортосунан бери ачкачылык кармап жатат.

- 1937-жыл жөнүндө китептерди окуган болсок, күнөөсүз адамдар бар экенин жакшы билебиз. Бул эки режиссердун айыбы жоктугун мен түшүнүп турам. Аларды саясий негизде, бирөөнү үй камагына алып, экинчисин түрмөгө айдашты. Башка эч нерсе билишимдин кереги да жок. Мен үчүн башка көп адамдардай эле бардыгы айдан ачык, - деди Стишова «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматы менен болгон маегинде.

Сулайман-Тоо. Иллюстрациялык сүрөт.
Сулайман-Тоо. Иллюстрациялык сүрөт.

Режиссер буга чейин Ысык-Көлдүн боюнда тарткан "Ак чардак" деген кыска метраждуу тасма да бир катар эл аралык сынактарда мыкты деп таанылган. Ал фильм кыргызстандык орус тил мугалими жөнүндө баяндайт. Ош шаарында тартылган "Сулайман-Тоодо" болсо бир киши менен анын эки аялынын турмушу чагылдырылган. Эки фильм тең кыргыз тилинде.

- Мага ал өлкө өзүнүн эркиндиги, жашоого башкача көз карашы менен абдан жаккан, - деди режиссер Кыргызстан тууралуу эскерип жатып. - "Ак чардактын" сценарийинин автору да Кыргызстанга барып калды. Биз ошол эле актерлор, достошуп калган ошол мыкты топ менен "толук метраждуу фильм тартсак жакшы болот эле" деп ойлоп калганбыз. Ошентип Кыргызстан үчүн дагы бир сценарий жазууну чечтик. Мен драманы эле эмес, кыргыздардын тамашакөйлүгүн көргөзгүм келген. Тилекке каршы, өздөрү юморун кичине жашырып, кинодо көбүрөөк драмаларга ыкташат. Кыргыздар тамашалап-күлгөндү да билишерин көргөзүүнү кааладым.

Буга чейин «Сулайман-Тоо» Торонтодогу кинофестивалга да катышкан. Режиссер "Орусияда фильм чоң экранга сыягы чыкпайт, орусча субтитрлер менен айрым жерлерде көргөзүлөт" деп айтты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG