Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Экономикалык протекционизм же улуттук өндүрүштү коргоо кайра «модада»


Давостогу экономикалык форум. "Чоң жыйырмага" кирген бакубат өлкөлөрдүн лидерлеринин бир тобу кризиске каршы күрөштүн жолдорун талкуулашууда, 30-январь, 2009
Давостогу экономикалык форум. "Чоң жыйырмага" кирген бакубат өлкөлөрдүн лидерлеринин бир тобу кризиске каршы күрөштүн жолдорун талкуулашууда, 30-январь, 2009

Дүйнөлүк банктын билдиришинче, бакубат мамлекеттер глобалдык кризистин кырдаалында улуттук экономиканы протекционистик чаралар менен коргоого өтүшкөн. Буга байланыштуу банктын президенти Роберт Зеллик дүйнө лидерлерин протекционизмге чакырган «аваздуу үндөргө» каршы турууга үндөдү. Болбосо, анын кесепетинен дүйнө 1930-жылдагыдай Улуу депрессияга кабылышы мүмкүн, деди Зеллик.

Дүйнөлүк банктын өнөр-жайы жакшы өнүккөн «Чоң жыйырманын» 2-апрелде Лондондо өтчү жыйынын утурлай жасаган билдирүүсүнө караганда, бул топтогу 20 өлкөнүн 17си мурдакы убадаларын бузуп, былтыр ноябрдан бери улуттук экономиканы тышкы атаандаштардан коргоо үчүн протекционисттик чараларды колдонгон.

Банктын президенти Зелликтин сөзүнчө, улуттук өндүрүшчүлөргө соода артыкчылыгын берүү же экономиканы стимулдаштыруу чаралары же банктар менен компанияларга жардамга келүү кырдаалды «аябай эле осолдотуп» жибериши ыктымал.

Дүйнөлүк банктын билдирүүсүндө протекционистик саясаттын үлгүсү катары көпчүлүк өлкөлөрдүн автоөнөржайына берген шашылыш жардамы белгиленет. АКШнын General Motors жана Chrysler автоширкеттери өкмөттөн 17 миллиард доллардан көп жардам алган. Жалпысынан АКШ, Европа, Бразилия, Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн автоөнөржайына 48 миллиард доллар садага чабылган.

Мындай аталык камкордук түрдүү формада болууда. Индонезия импорт үчүн саналуу аба жана деңиз портторун ачык койсо, Индия экспорттук товарларга салыкты жеңилдеткен. Аргентина чет элдик товарларды өлкөгө киргизүү боюнча жаңы мыйзам киргизип, ишкерлердин машкатын көбөйткөн.

Ушундан улам Дүйнөлүк соода уюмунун башкы директору Паскал Лами эркин соода «Чоң жыйырманын» сүйлөшүүсүндөгү негизги тема болуш керек дейт. Дүйнөлүк банк да ушундай пикирде.

Британ премьер-министри Гордон Браун жана Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануел Барросо да 16-мартта Лондондо кездешкенде дүйнө өлкөлөрү 1930-жылдардагыдай коңшуларды талагандын ордуна аларга жардам берип, сооданы кыйроодон сактап калуу зарылдыгын айтышты.

Кыргызстандай кедей өлкөлөргө глобалдык финансылык каатчылык учурунда ким жардамга келет? Дүйнөлүк банктын мурдакы вице-президенти Йоханс Линндин «Америка авазына» айтышынча, Кыргызстан азыркы жагдайда өкмөттүк чыгымдарды кыскартууга катар, социалдык толкундоолорду болтурбоо үчүн Дүйнөлүк банк жана Эларалык валюта кору сыяктуу эларалык финансылык уюмдарга кайрылуусу керек. Ошондой эле Россия, Кытай өңдүү бай коңшулардан жардам жардам сураса болот.

XS
SM
MD
LG