Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Путиндин келерки шайлоого укуругу узун


Владимир Путин.
Владимир Путин.

ТАСС агенттиги 23-ноябрда Орусия президенти менен болгон маекти жарыялады. Анда Путин өзүнүн дүйнөлүк басылмалардагы рейтинги, президенттик шайлоо, үй-бүлөсү, рублдун курсу тууралуу пикирин ачыктады.

Маегинде Путин 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниетин четке какпай турганын, Москванын Орусияны “темир көшөгөгө” алуу планы жоктугун, Крымды кошуп алуу туура чечим болгонун да ырастады.

ТАСС агенттигине курган маегинде Владимир Путин өмүр бою Орусиянын президенти болуп калууну каалабастыгын айтып, бирок келээрки президенттик шайлоого катышууга конституциялык укугу бар экенин эске салды. Путин өз сөзүндө президенттикте калуу үчүн анын укуругу узун экенин белгиледи:

- Өзү Конституция жол берет. Бирок эмитен эле бул тууралуу ойлонуу эртелик кылат го. Сыртта али 2014-жыл бүтө эле. Мен эми кийинки мөөнөткө баруу үчүн кандайдыр бир илинчээк издеп, ортодо шашылыш божомолдорду караганымдын кажети жок. Ата Мекенге кызмат кылуу жаатынан караганда менде мүмкүнчүлүк бар.

Путин Австралиянын Брисбен шаарында өткөн "Чоң жыйырманын" саммитинде.
Путин Австралиянын Брисбен шаарында өткөн "Чоң жыйырманын" саммитинде.

​Путин акыркы жылдагы Батыш менен болгон салкын мамилеси тууралуу айтып жатып, Москва эч качан Орусияны жаңы “темир көшөгө” менен тосуу кадамына барбайт деп баса белгиледи. Ошондой эле Путин “Чоң жетилик” жетекчилеринин суук мамилесинен кымындай да ыңгайсыз болбогонун кошумчалап өттү.

Крым маселесине байланыштуу суроого жооп берип жатып Орусия президенти жагдай стратегиялык чечимге негизделгенин, бул эң туура жана чечкиндүү кадам болду деп эсептей турганын айтты:

- Шериктештер бизден дайыма аймактык бүтүндүктү сактоону талап кылып келишет. Украинанын чыгышында өз укуктары, кызыкчылыктары үчүн күрөшүп чыккандар тегиз баары орусиячыл жикчилдер болуп калат да, а биздеги, Кавказдагы согушкерлерге-"Аль-Каиданын" акчасын алып, алардын жетеги менен тишине чейин куралданган коркунучтуу топторго келгенде, алар баары демократия үчүн күрөшкөндөр болуп чыга келишет.

Путин маегинде дагы бир катар жагдайларга токтолду. Анын ичинде өзүнүн дүйнөлүк басылмалардагы рейтинги, Орусиянын федералдык телеканалдары, үй-бүлөсү, рублдун курсу тууралуу пикирин ачыктады. Ошондой эле жер-жерлерде анын айкелин тургузуп, ысымын көчөлөргө, жер-суу, жада калса чокуларга ыйгарып жатканына Путин “бул боюнча менден эч ким пикир сурабайт” деп жооп берди.

Путин өткөн жумада Владивостокто бир эле ТАССка интервью бербестен бир катар эл аралык маалымат кызматтардын да суроолоруна жооп берген.

Эсперттер бул Путиндин пиар компаниясынын кезектеги уландысы деп жоромолдошууда.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG