Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:48

Жоошев: Жээнбековдун камерасын тинтүүдө кызматкерлер орой мамиле кылышкан


Равшан Жээнбеков Бишкек мэриясынын алдындагы нааразычылык акциясында. 8-август, 2018-жыл.
Равшан Жээнбеков Бишкек мэриясынын алдындагы нааразычылык акциясында. 8-август, 2018-жыл.

Адвокат Замир Жоошевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, Кой-Таш окуяларына байланыштуу шек саналып, №1 тергөө абагында отурган Равшан Жээнбековдун камерасын текшерүү учурунда абак кызматкерлери ага орой мамиле кылышкан.

Адвокаттын маалыматына караганда, камактагы саясатчы 28-январда түн ичинде капыстан жана орой жүргүзүлгөн тинтүүгө байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлерине каршы Кыйноого каршы улуттук борборго кайрылды.

Ал эми ЖАМКтын өкүлү Самат Калыков абактарда тыюу салынган буюмдарды аныкташ үчүн пландуу жана капыстан текшерүүлөр болуп турарын «Азаттыкка» маалымдаган.

Равшан Жээнбеков 12-декабрда кармалып, ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда айыптоого 309-берене («Бийликти күч менен басып алуу») кошулган.

Ал 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Кой-Таш айылында болгону үчүн ага чейин ИИМге бир канча жолу суракка чакыртылган. Жээнбековдун тарапкерлери ал Кой-Ташта мыйзам бузбай, арачы болуп жүргөнүн белгилеп жатышат.

26-декабрда Бишкек шаардык соту Жээнбековду 9-февралга чейин камакта калтырган. Ал азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турат. (TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG