Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Коммунист ата-баланын жазмышы


Чоң-Таштагы "Ата-Бейит". Сатар Кулматовдун кайда көмүлгөнү белгисиз.
Чоң-Таштагы "Ата-Бейит". Сатар Кулматовдун кайда көмүлгөнү белгисиз.

Сатар Кулматов 1904-жылы Кемин районундагы Атаке кыштагында төрөлгөн. Ата-энеси колунда бар, орто чарба адамдардан болушкан.

1916-жылы ата-энеси менен Кытайга качып, ал жерден атасы өлүп, бир жылдан кийин жерине кайтып келген. Кыргызстанда совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкан коомдук-саясий ишмер. "Жусуп Абдыракмановдун тилектеши, Социал-туран партиясынын мүчөсү" деп айтыпталып, 1938-жылы атылган.

Батрактын баласы

Сатар, башка бир маалыматтарда Сатаркул Кулматов Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Атаке кыштагында төрөлгөн. Анын өз колу менен толтурган өмүр баянында айылдын аты Атайка деп жазылган. Ата-энеси ашып кеткен байлыгы жок, орто чарба адамдардан болушкан окшойт. Сатар Кулматовдун өз колу менен толтурган өмүр баянында ата-энесинин колунда бирин-экин малы болгону, негизинен дыйканчылык менен жан багышканы белгиленген. Алардын үй-бүлөсү 1916-жылдагы алааматты эл менен кошо тартып, Кытайда атасы менен мандикерлик кылган. Бир жылдан кийин жерине кайтарда атасынан ажырап, оор турмуштун айынан жерине келгенден кийин балдар үйүнө кабыл алынып, билим алуусун уланткан.

Сатар Кулматов 1920-жылдары кенен жайыла баштаган кыска мөөнөттүү партиялык курстардан, мектептерден билимин өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүнө жетишип, 1921-22-жылдары Ташкентте ачылган советтик партиялык мектептен окуган. Андан кийин анын комсомолдук, партиялык уюмдарды түзүү, жаңы бийликти жайылтуу аракети башталган. Сатар Кулматовдун өмүр баянына баам салган адам анын комсомолдук, партиялык уюштуруу иштери республиканын тигил же бул аймагында бир жылга жетип-жетпеген убакытты түзгөнүн баамдай алат.

Жаңы бийликтин арымы күчөп, бардык жерде жаңылык, өзгөрүүлөр жүрүп жаткан. 1920-жылдары Лениндин демилгеси менен башталган жаңы экономикалык саясат аягына чыга электе артка бурулуп, колхоздоштуруу, баарын мамлекеттик менчикке өткөрүү өнөктүгү башталган. Кыргызстанда байларды, кулактарды сүргүнгө айдоо, ага улай “эл душмандарын” эси-көөнүнөн кеткис кылып жазалоо күчөгөн. Жаңы бийликтин тагдыры коопсуздук кызматынын колуна берилип, кандуу жазалоонун арааны ачылып, адам өмүрү түккө арзыбай калган.

Сатар Кулматов кыргыздын алгачкы муун интеллигенция өкүлдөрүнүн катарында 1938-жылы атылган. 34 жаштагы комсомолдук, партиялык ишмердин убакты-саатын карабай жаңы бийликти орнотуу аракети коммунисттик төбөлдөр баштап берген кандуу жазалоонун капшабына туш келди.

Сатар Кулматовдун архивде сакталган документтеринде анын 20 жылга жетпеген ишмердиги ай-күнүнө чейин так жазылып турат. Аны Кыргызстандын Саясий документтер архивинин жетектөөчү кызматкери Айнагүл Табышевадан уктук.

Айнагүл Табышева.
Айнагүл Табышева.

- Биздин Саясий документтер архивинде Кулматов Сатар Жанузаковичтин өздүк иштери сакталып турат, - деди Айнагүл Табышева. - Ал 1923-жылы 12-июлда ачылган. 1937-жылы 25-сентябрда бүткөн. Жумушка орношкондогу өз колу менен толтурган жеке баракчасы, өмүр баяны бар. 1904-жылы Чоңкеминде Атайка деп коюшчу экен, ошол айылда төрөлгөн. "Ата-энеси батрак, дыйкан болушкан" деп көрсөткөн. Эшик алдында эки ую, бир аты, 5 сотук жери болгон экен. Атасы 1917-жылы Кытайда каза болуп калыптыр. Булардын үй-бүлөсү Үч-Турпан деген жерде жалданып иштептир. Ошол жылдын күзүндө жерине кайтышыптыр. Бул жакка келгенден кийин Токмокто батрак болуп, кийин Таш-Төбө айылында иштеген. 1918-жылдан 1921-жылга чейин балдар үйүндө окуган. Анан билим алып Нарында, Пишпекте иштептир. 1923 – 24-жылдары Жети-Сууда окружкомдун катчысы, саясий агартуу кызматында, обком катчысы болуп иштеген.1934-жылы Нарында райкомдун катчысы. Ушул жылы аны "Социал-туран партиясынын мүчөсү" деп айыпташкан. Сатар Кулматовго 58-берененин 11, 12-пункттары боюнча айып коюлган. Бул жерде тергөөчү Галимовдун колу коюлган кагаздар бар. НКВД аны 1937-жылы 9-октябрда камакка алган. 1923-жылдан тартып ВКП(б)нын мүчөсү болгон. Камакка алынганча Кыргыз ССРинин жеңил өнөр жай комиссары болуп иштеген. БАКтын мүчөсү. Кыргызстан КП БКнын мүчөлүгүнө талапкер болгон. Бул жерде анын суракка алынышы, партиядан чыгарылышы боюнча документтер бар. Аларга Белоцкий кол койгон. Ишке аябай жоопкер мамиле кылгандыгы тууралуу мүнөздөмө бар. Аябай жакшы мүнөздөмө берип туруп эле айыптап, жазалашкан.

Сатар Кулматов 1923-жылдан бери катарында келаткан Жалпы союздук коммунисттик партиянын жүз миңдеген мүчөлөрү 1937–38-жылдары жок кылынган.

Жеңил өнөр жай комиссары

Ошол калабага жакын 1937-жылдын февралынан баштап Сатар Кулматов Кыргызстандын жеңил өнөр жай эл комиссары болуп дайындалып, ошол эле жылдын 15-сентябрында “буржуазиялык улутчулдарга байланышкан” деп айыпталып, он күндөн кийин Кыргызстан КП БКнын бюросунан “контрреволюциячыл улутчул” катары кызматтан алынган. Алдагыдай олуттуу айып коюлушуна Сатар Кулматовдун Кыргызстан Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Жусуп Абдыракманов менен жакшы мамиледе болгону, анысынан баш тартпаганы, бийлик каарына калган улуу инсанды каралабай койгону себеп болгон.

Партиялык катаал жазалар жарыя болгонго чейин Сатар Кулматовго “Кеңештерге шайлоо боюнча көрсөтмөлөрдү бузгандыгы”, ал аз келгенсип “колхоз соодасы жаатында партиянын саясатын бурмалагандыгы үчүн” деген катуу сөгүштөрдү 1935 – 36-жылдары эле беришкен. Бул алдыда болчу катаал жазага карата шылтоо, ыңгайлуу жол табуу болчу. Кийинчерээк “улутчул” деген айыптоолорго “Социал-туран партиясынын мүчөсү” деген жарлык кошулуп, совет бийлигине жан-дили менен берилген тарыхый инсандын тагдыры чечилип калган.

Репрессиянын жаалы күчөп турганда жок кылынган комсомолдук, партиялык ишмерлер 1950-жылдардын аягында толук акталышкан. Сатар Кулматов да алардын катарында эле. Мына ушул жагдай атасынын жолун жолдогон уулу Ренат Сатар уулунун билим алышына, кызмат тепкичтеринен ыкчам көтөрүлүшүнө жол ачты. Бирок да Ренат Сатар уулунун партиялык кызматы Горбачевдук “кайра куруу” заманында артка кетип, кийинчерээк “ардактуу эс алууга жөнөтүү” менен жыйынтыкталды. Ренат Сатар уулу менен бир топ жыл чогуу иштешкен курбусу Кемелбек Ашыралиевдин айтымында, ал эл кызыкчылыгын баарынан жогору койчу.

Кемелбек Ашыралиев.
Кемелбек Ашыралиев.

- Турмушка таарынбаган, өзүн жакшы алып жүргөн киши эле. “Менин атам ушундай болуптур” деп эч бир айтчу эмес. ""Репрессияга кеткендердин, совет өкмөтү кыйнаган адамдардын балдары ушундай экен" деп айтабы" дечүбү, иши кылып ал жөнүндө мага кеп кылган эмес. Армандуу турмуш тууралуу айтканын уккан жокмун. Туурасын айтыш керек, ал Кыргызстанды бийлей турган жигит болчу. Эгер Союз тарабаганда, Горбачев бийликке келбегенде Турдакун Усубалиевдин ордун ээлей турган ушул киши болчу. Ошондой резервде жүргөн киши эле. Кийин Горбачев келип, Брежневдин кадрларын алып, "бул резервдеги Усубалиевдин кишиси экен" деп Масалиевди алып барып коюшуп, аны Ош обкомунун биринчи катчылыгынан бошотушуп, ордуна Үсөн Сыдыковду коюшкан. Кийин Жогорку Кеңеште спикердин орун басары кылып, анан акырындык менен пенсияга чыгарып жиберишкен.

Сатар Кулматов тапшырылган ишти так аткарган, партиялык жумушту баарынан жогору коюп, ал үчүн убакты-саатын аябаган, жасап жаткан ишинин акыйкаттыгына күмөнсүз ишенген инсан болгон. Эртелеп билим алып, совет бийлигин жайылтуу, саясий түзүлүштү чыңдоо аракети менен жүрүп, айланасында жүрүп жаткан жашырын-жабык иштерге деле аралашпаган окшойт. Замандаштарынын ал тууралуу эскерүүлөрүндө кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгын көздөгөнү, жергиликтүү тар мүдөө-максаттарга чарпылганы тууралуу анын дарегине бир да кылапат сөз айтылбайт. Таза жүрүп, таза иштөө принцибин тутунган инсанды сталиндик репрессиянын кандуу чалгысы кыйгап өтпөй, жаш кезинде жок кылган. Атасы катаал жазага кириптер болгон жылы жарыкка келген уулунун партиялык кызматы жеңил өнөр жай министри, облустук партия комитетинин биринчи катчысына жетүү менен токтолду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG