Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:28

Березовскийдин бактысы менен күйүтү

68 жаштагы Борис Березовскийдин сөөгү 23-мартта Лондондун сыртындагы үйүндө табылды. 90-жылдарда Ельциндин башкаруусундагы Орусияда чоң саясатты жүргүзүп, Советтер Союзу ыдырагандан кийинки приватизацияда түмөндөгөн байлык топтоого жетишкен. 2000-жылы Владимир Путинди бийликтин бийик сересине алып келүүгө дагы анын түздөн-түз тиешеси бардыгы айтылып жүрөт. Бирок 1 жылдан кийин Кремлдин жаңы башчысынын каарынан коркуп, чет өлкөгө качууга аргасыз болгон. Лондондо туруп Орусиянын саясатын кескин сындагандардын бирине айланган. "Азаттыктын" орус кызматы

XS
SM
MD
LG