Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Орусия: сүрөтчүнүн атайын кызматка айбаты


Петр Павлинский
Петр Павлинский

Москвада атайын кызматтын имаратынын эшигин өрттөгөн адамдын акциясы “чуу” жаратып, интернеттин социалдык түйүндөрүндө “дүң” болду.

Эми Лубянкада Федералдык коопсуздук кызматынын имаратынын алдында өткөргөн акциясы үчүн полиция тарабынан кармалган сүрөтчү Петр Павленский үч жылга чейин абакка камалышы мүмкүн.

“Вандализм” беренеси менен кылмыш иши козголуп, “атайын кызматтын имаратынын эшигин өрттөдү” деген кине менен дүйшөмбү күнү кармалган Петр Павлинский Москва шаарынын “Мещанский” ички иштер бөлүмүнө алынып келди. Анын адвокаты Ольга Чавдар федералдык коопсуздук кызматынын алдындагы бул акциянын төркүнү тууралуу сүрөтчү Павлинский менен жолугуп, кыскача гана баарлашууга мүмкүнчүлүк болгонун билдирди.

Атайын кызматтын эшигин өрттөп...

Москвада атактуу Лубянкадагы федералдык коопсуздук кызматынын башкы имаратынын эшигин өрттөгөн сүрөтчү Петр Павлинскийдин видеосу эрте менен социалдык түйүндөрдө ызы-чуу жаратты. vimeo.com сайтына коюлган ал видеонун астына Орусиянын атайын кызматтарын террорчулукка айыптаган билдирүү калтырылган. “Лубянканын эшигин өрттөө” деген аталыштагы бул видео тасмада сүрөтчү Петр Павлинский Москванын чок ортосундагы атайын кызматтын имаратынын алдында колуна бензин куюлган канистрди кармап, жалбырттаган өрткө артын салып турат. Болжол менен отуз секунд өткөн соң, чуркап келген полиция кызматкери аны кармаган. Кармоо учурунда ал эч кандай каршылык көрсөткөн эмес.

Анын адвокаты Ольга Чавдар полиция бөлүмүнө жөнөтүлгөнгө чейин сүрөтчү таңкы саат бешке чейин коопсуздук органдарында кармалганын айтты:

- Аны башында федералдык коопсуздук кызматынын тиешелүү башкармалыгына алып барышкан. Анда Петрду “сен кимге өлүм каалап жатасың” деген суроо менен таңкы саат бешке чейин кыйнап кармап отурушкан. Албетте, Петр муну менен эч кимге өлүм каалабаганын айтып, анын бул акциясы “кол капчан террордук коркунуч элдин үшүн алганына байланыштуу” экенин белгилеген. Ал Федералдык коопсуздук кызматы 146 миллион калкты коркунучта кармап турганын айткысы келген экен. Муну менен ал федералдык коопсуздук кызматы өз элине карата террордук акт жасап жатканын элестүү түшүндүргүсү келген.

Чуулгандуу акциячы

Отуз бир жаштагы сүрөтчү Петр Павлинский буга чейин дагы бир топ чуулгандуу саясий акциялары менен белгилүү болчу. Мындан мурун ал Орусиядагы эркиндиктин чектелишине каршылык иретинде өзүнүн оозун тигип алган жана борбордук көчөдө дөңгөлөк өрттөгөн жана өзүнүн дене мүчөсүнө мык киргизип алган сыяктуу саясий акцияларды уюштурган. Ошондой эле ал Украинадагы Евромайданды жана Орусиядагы Pussy Riot кыймылын колдоп чыккан. Ал буга чейин да бир нече курдай кармалып, майда бейбашчылык боюнча айыпталып, административдик жазага тартылган. Быйыл жайында Петр Павлинскийди психикалык оорулуу деп табуу боюнча өтүнүч келтирилип, бирок сот медициналык корутундунун негизинде аны четке каккан.

Бул жолу атайын кызматтын башкы имаратынын алдындагы түнкү каршылык акциясына Петр Павлинский журналисттерди жана блогерлерди чакырган. Ошондуктан анын Лубянкадагы атайын кызматтын эшигин өрттөгөн акциясы видео тасмага тартылып, интернетке жайылып кетти. Бул акцияны чагылдырган эки журналист ошол эле түнү окуянын күбөсү катары кармалып, бирок эртеси кайра бошотулган. Сүрөтчү Петр Павлинскийдин бул - эсеби боюнча эң ири жана чуулгандуу мүнөздө өткөн экинчи акциясы. Полиция Павлинскийдин бөгөт чарасы катары камакка алууну соттон сурады. Жакында Москвадагы жергиликтүү соттордун биринде анын баш коргоо чарасы каралат.

XS
SM
MD
LG